Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда жарылбай калган снаряддар табылган жок

Turmush -  Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 76-87-88-103-110-чакырымдарында жарылбай калган 9 даана снарядды табуу иштеринен жыйынтык чыккан жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ снарядды таап, зыянсыздандыруу боюнча 9-ноябрда буйрук чыгарган. Аларды издөө ишине ӨКМдин Кара-Кулжа районундагы 5 кызматкери, Гидрометеорология агенттигинен 1 кызматкер, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын 36806-аскердик бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери тартылган. Алар кечээ, 13-ноябрда издөө иштерин жүргүзүп, бирок жарылбаган снаряддардын табылбаганына байланыштуу издөө иштери токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1920
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×