Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу 14.11.2017 22:35

Бул жолу III даражадагы «Манас» орденине 2 чарбанын жетекчилери татыды

Turmush -  Кыргыз Республикасынын экономикасын бекемдөөгө жана өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2 жаран III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 14-ноябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул тууралуу жарлыкка кол койгон.

III даражадагы «Манас» орденинин ээлери:

- Атамбаев Жусупакмат Сатышович — Ош облусундагы «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси;

- Жумаков Жумагул — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Жумак» үрөн чарбасынын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×