Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

10 адамдын өмүрүн алган кырсык: Өзгөндүктөр каза болгондордун жакындарына каражат топтоп беришти

Turmush -  Ош—Бишкек жолунда чоң кырсыктан каза болгон өзгөндүктөрдүн жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү. Өзгөн шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, жергиликтүү тургундар тарабынан 35 миң сом каражат топтолуп, 7 үй-бүлөгө 5 миң сомдон таратылып берилди.

Ош—Бишкек жолунда 6-ноябрга караган түнү каза болгон 10 адамдын ичинен жетөө Өзгөн шаарынын тургундары болушкан. 

2017-жылы 6-ноябрга караган түнү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Бул кырсыкта 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
- 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
- 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну;
- 1977-жылы туулган Шабданов Куштарбек Өзбекович, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;
- 1994 жылы туулган Аширова Барнохан Жатамжановна, Өзгөн районунун Өзгөн айылы тургуну;
- 1989-жылы туулган Разакулов Акмольжан Махмуджанович, Өзгөн шаарынын тургуну;
- 1995-жылы туулган Расулжан кызы Наврузхан, Өзгөн районунун тургуну;
- 1994-жылы туулган Мамаджанов Кадыржан Абдыкалыкович;
- 2016-жылдын 1-июнунда туулган Мамадалиев Абубакир Шафкатович. Ал Расулжон кызы Наврузхондун уулу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1801
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×