Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Ош шаарында жылына жаштар үчүн 1,5 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт

Turmush -  Студенттер күнүнө жана жаштар күнүнө карата бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында майрамдык салтанат өткөрүлүп, активдүү жаштар сыйланды. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Аймамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы, Ош шаарында билим алып жаткан студенттер жана активист жаштар катышты. Анын алкагында мэр жаштарды майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз эли түпкүлүктүү эл экенин жакшы билебиз. Элибиздин жаңы тарыхын билимдүү, мекенчил жаштарыбыз жаратаарын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Соңку убактарда шаарыбыздын алдыңкы лидер жаштары менен Ош шаарынын аймактык кеңештеринде жаштар комитеттери түзүлдү. Анын негизги максаты — жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо, массалык спортту өнүктүрүү.

Урматтуу жаш достор, Ош шаардык мэриясы атайын жаштар үчүн жылына 1 млн 567 миң сом каражат бөлөт. Учурда жаштар үчүн акысыз окуулар уюштурулууда. Баарыңыздардын майрамыңыздар менен куттуктайм», - деди А.Кадырбаев.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов жаштар мезгилге канатташ, өнөктөш болуп келе жатканын белгиледи.

«Урматтуу жаш достор, студенттик мезгил — сыймык жана чоң жоопкерчилик. Силер мезгилге канатташ болуп калдыңар. Ош шаардык мэриясынан тартып, шаардык кеңешке чейин жаштар көбөйүп, биздин катарды толуктап келе жатасыздар. Сиздерде турмушка болгон активдүүлүк өтө күчтүү болду десем жаңылышпайм», - деди Ж.Ормонов.

Салтанаттын жүрүшүндө аймактык кеңештерде өткөрүлгөн «Ырдайлы кыргыз ырларын» кароо-сынанын жеңүүчүлөрү болгон алдыңкы жаштар, студенттер Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин, Ош шаардык жаштар комитетинин ардак грамоталары менен сыйланышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүн өнөрпөздөр улантышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2186
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×