Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ноокат 20.11.2017 07:43

Ноокаттагы дүкөндөн жаш балдардын 80 миң сомдук кийимдерин уурдап кетишти

Turmush -  Ноокат шаарындагы жаш балдардын кийимин саткан дүкөнгө уурулар кирип, 80 миң сомдук товарды уурдап кетишти. Ноокат РИИБ бул кылмыш 16-ноябрга караган түнү болгонун билдирди.

Уурулар «Ажы» базарында жайгашкан соода түйүндүн эшигин бузуп киришкен. Ал дүкөндө сатыкта жаш балдардын шымдары, бут кийимдер жана баш кийимдер бар болчу. Учурда шектүүлөрдү тактоо жана алардын жүргөн жерин аныктоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×