Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Өзгөндүк акын Н.Калмаматова 18 жылдан бери ыр жазып, 2 китептин автору болууга жетишти (фото)

Turmush -  Азыркы учурда акын-жазуучуларга тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, бармак басты, көз кысты болгондой туюлууда. Антсе да өз киндигин өзү кесип, өз чыгармаларын китеп кылып чыгарып, окурмандарга сунуштап келген акындардын бар экендиги кубандырат. Алардын бири — 2 ырлар жыйнагынын автору болууга жетишкен өзгөндүк акын Нуржамал Калмамбатова. Аны менен аймактык кабарчы азын-оолак маек курду.

23380400_1204424936369226_6503434292931506036_n

- Сиздин социалдык баракчаңызга жазылган ырларыңызды көп окуйм. Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Кайсы жердин кызы болосуз, кайсы жерде туулуп өскөнсүз?

- Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулуп өскөм. Өзгөндүн кызы болгонум менен Алайдын келинимин. Учурда үй-бүлөм менен Ош шаарында жашайм. Эки уул, бир кыздын энесимин. Айылдагы орто мектепти аяктаган соң, Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөм.

- Учурда эмне иш менен алектенесиз?

- Бурулкан Карагулова жетектеген «Кыргыз акын жазуучулар» коомдук фондунун Ош региону боюнча координаторумун. Мындан сырткары жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет. Ага жардам берем.

- Чыгармачылыкка кантип, качан келип калдыңыз, ким себепкер болгон жана канча жашыңыздан бери ыр жазып келе жатасыз?

- 1-курска келгенде журналистикадан окуткан агайым тайпадагы студенттерден «жөн жерден журналистикага тапшырган жоксуңар, кана ким эмне дейт?»  деп чекеден сурай баштады. Мен эмне дейм, эч нерсе жазбасам деп кыжаалат болдум. Тайпада 47 студент болсок, 30 студенти «ыр жазам, аңгеме жазам, чыгарма котором»  дегендер. Баары эле шыктуу. Аңгыча коңгуроо болуп калды. Сабактан чыктым да, эч нерсеге карабай Өзгөнгө айылыма жөнөдүм. Барып эле «ата-апа, окубайм, менин эч кандай шыгым болбосо же бир нерсе жазбасам» деп ыйладым. Апам «окубасаң окуба» деди. Атам эки күн артымдан ээрчип жүрүп кайра окууга жөнөттү. «Эч нерсе жазбасаң да окууну окуп бүтүп ал» деди. Кайра Ошко окуума келдим. Эч кимге көргөзбөй кара сөз түрүндө текст жаза баштадым. Ал учурда 17 жашта элем. Кийин факультеттеги ар кандай адабий ийримдерге катышып жүрдүм. Бирок бекинип жазчумун. Бекинип жазып жүрүп өзүм да кыйналып кеттим. Акырындык менен интернетке жарыялап коюп жүрдүм. Жолдошум окуп колдой баштады.

23722772_1207993072679079_6569156064809769927_n

- Канча чыгарма жараттыңыз, канча китеп чыгарууга жетиштиңиз?

- 18 жылдан бери жазам. Балким окуган окуу жайым себепкер болгон чыгар. Бирок атам ыр жазат экен. Мен аны быйыл билдим. «Менин жолумду жолдодуң» деп биринчи китебимди чыгарганда кубанып, өзүнүн ырларын окуп берди. Бирок мен башка тайпалаштарымдай болуп котормочу боло албадым. Эч кимге билгизбей катып жүргөн кара сөз түрүндөгү чыгармаларым бар. Бирок ал да учуру келгенде жарыкка чыгар. Азыркы учурда 2 ырлар жыйнактын авторумун.

Башкалар үчүн кандай билбейм, котормо мен үчүн татаал нерсе. Ачык айтышым керек котормо менин колуман келбейт го.

- Кандай учурларда чыгарма жаратасыз? Айрымдар эргүү келгенде деп коет.

- Мен туулуп өскөн жеримди чексиз жакшы көрөм. Бала кезимде кыдырып жүргөн жерлериме азыр кыдырып бара албайм. Ошол себептен туулган жеримди көп жазам. Анан да окурмандарымдын талабыбы же чындап эле лирикминби билбейм, сүйүү темасы мен үчүн бүтпөгөн тема. Ырды көбүнчө тынч отурганда, эч ким жок мезгилде же түнү жазам.

- Азыркы мезгилде китеп чыгаруу оңой эмес. Ага демөөрчү болгондор барбы?

- Мага демөөрчү, ар тараптан колдогон — жолдошум. Ошол каржы тарабынан жардам берет. Ал эми окурмандарыма ыраазымын. Чыгарган китептеримди окурмандар сатып алып жатышат. Суроо-талап болуп турса чыгарасың. Китеп чыгарганың менен аны эч ким окубаса, ошондон өткөн ыңгайсыздык жок.

- Сүйүү ырларына басым жасайм дедиңиз. Жолдошуңуз менен сүйүшүп турмуш жолуна аттандыңыздарбы?

- Жолдошум менен студент кезимде таанышып, эки тараптын макулдугу менен баш кошконбуз. Бир эле мен эмес, акынды акын кылган — бул сүйүү ырлары. Сүйүү — бул мен үчүн сөз менен да, али ырларым менен да жеткирип бере албаган өзгөчө күчтүү сезим.

- Кыргыз акындарынан кимисин баалайсыз, кимисинин чыгармаларын сүйүп окуйсуз жана азыркы жаш акындарга болгон көз карашыңыз?

- Мектеп жана жогорку окуу жайдын программасына кирген акындарды баалап окуп жүргөн болсом, азыркы учурдун акындары — Гүлсара Момунова, Сагын Акматбекова, Бурулкан Карагулова, Маркабай, Карбалас агайлардын ырларын баалайм. Бирок азыр интернеттин заманы болгонуна байланыштуу көп акындардын ырларын да окуп турам.

Жаш акындар жөнүндө айта турган болсом, сынды көтөрө албайбыз. Сынды туура кабыл албайбыз. Бирөөгө туура сын айта албайбыз.  Өзүн акын деп сезип, колуна калем кармаган замандаштарым, алардын арасында мен да адабий тилдин эрежесин сактай билсек. Адабий, кыргыздын тарыхый нукура сөздөрүнө маани берсек. Жок дегенде тилибиздин баалуулугун барктай билсек, ырыбыз менен даңктай билсек дейм.

- Чыгарма жаратып, анын арты менен кандай сыйлыктарга жетише алдыңыз?

- Чыгармачылыкта жүрүп кыргыздын көптөгөн белгилүү акын-жазуучулары менен тааныштым. Ошол адамдардын кеп-кеңешин алдым. Чыгармачылык жолдон мени колдогон Бурулкан Карагулова апамды таптым. Бирок сыйлык, наамдарым сыр бойдон эле калсын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×