Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө малды идентификациялоону үйрөнгөн 108 адис иштебей кетип калды

Turmush -  Өзгөн районунда бодо малды идентификациялоо боюнча даярдалган 108 адис иштебей кетип калгандыктан жаңыдан 70 адис даярдалды.

Райондун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Данияр Маматалиевдин айтымында, ушул жылдын башында малды идентификациялоого жалпы 120 адис даярдалган. Бирок 108 ветеринар башка жактарга иштегени кетишкен. Учурда Өзгөн районунда 32 миң бодо мал идентификацияланды.

«Ар бир айыл өкмөт өздөрү каалоочуларды таап, 120 адамды окуудан өткөргөндөн кийин 108 адис ар кайсы жакка иштеп кетишти. Учурда 70 адисти кайрадан окуттук. Аларга айлык маяналарын ар бир айыл өкмөт өздөрү чечип беришет. Даярдалган адистер өздөрүнүн айыл өкмөтүндөгү малды идентификациялашат», - деди ал.

Быйылкы жылкы план боюнча саан уй жана кунаажындарга 42 миң 300 идентификациялык номур келген. Учурда 32 миң 800 баш идентификацияланып бүттү. Жыл аягына чейин бардык малга идентификациялык номур тагылып, малдын жашаган дареги, өңү-түсү, породасы, эмдөө жасалганы тууралуу маалыматтар электрондук базага киргизилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×