Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 19 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 19 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 22-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Т.Айтматов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 60 чарчы метр чатыры, чакан үйдүн 15 чарчы метр чатыры, эмеректер, матрацтар, эшик-терезе, муздаткыч жана сыналгы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле, белгисиз себептерден улам Оштогу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында турак үйдөн өрт чыкты. Өрт учурунда 90 чарчы метр чатыры жана 5 тонна чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себебин тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 315
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×