Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндүн Эски-Покровка айылында спорт зал ачылды

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Эски-Покровка айылында 5 айылдын жаштары үчүн футбол жана волейбол залдары ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Эржигит Пасаңов билдирди.

Анын айтымында, кароосуз калган эски гараж оңдолуп, спорт комплекске айланууда.

«Айылдагы демөөрчүлөр тарабынан эски гараж толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, учурда футбол жана волейбол залдары пайдаланууга берилди. Жакынкы күндөрдө теннис, шахмат, ордо, чоң теннис залдары дагы ачылат. Бул спорт комплексти оңдоого жалпы 2 млн сом сарпталды. Зал жумасына 2 күн жергиликтүү тургундарга акысыз берилип турат», - деди ал.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулу спорт залда Кызыл-Октябрь, Ынтымак, Эски-Покровка, Алга, Гузар айылдарынын жаштары ойной турганын билдирди. Бул айылда мындан сырткары бокс, күрөш залдары дагы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×