Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда 3 унаа кагышып, эркек киши каза болду

Turmush -  Бүгүн, 22-ноябрда саат 15:00 чамасында Кара-Суу шаарындагы жол кырсыктан эркек кишинин өмүрү кыйылды. Turmush басылмасына укук коргоо органдардагы булактар билдирген маалымат боюнча, 3 унаа кагышкан.

«ДЭУ Матиз», «ДЭУ Ланос» жана жол тандабастын кагышуусунан кийин 2 адам ооруканага жеткирилген. Алардын өздүгү такталып, бири — Өзбекстандагы Наманган облусунун 1969-жылы туулган тургуну С.Д. жана Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган жашоочусу А.О. (аял киши) экени аныкталды.

Учурда көз жумган адамдын аты-жөнү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×