Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.11.2017 09:06

Акыркы суткада өлкө аймагында 24 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 24 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 32 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 23-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Мамажан айылында 2 кабаттуу бастырмадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 120 чарчы метр чатыры, 400 түк чөп жана 100 боо жүгөрү бакалы өрттөнгөн.

Адамдар жабыркаган жок. Балдардын от менен ойногону өрткө себеп болгон. Ушул эле себеп менен Жалал-Абаддагы Аксы районунун Ак-Сай айылында сарайдан өрт чыкты. Өрт учурунда болжол менен 180 чарчы метр чатыры, 1 миң түк чөп жана 2 миң боо жүгөрү бакалы күйдү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×