Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-суулук ишкерлер мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотуу маселесин көтөрүштү

Turmush -  Кечээ, 22-ноябрда Кара-Суу шаарында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондор аралык бөлүмү бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Ага Кара-Суу райондук салык кызматынын башкармалыгы да катышып, жаш ишкерлердин көйгөйлөрү менен таанышып чыгышты.

«Жолугушууда финансы бөлүмүнүн аткарган иштери жана жайынтыктары тааныштырылып, бизнесин өнүктүрүүдө жаралып жаткан тоскоолдуктарды жоюу жана мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотуу маселелерин көтөрүштү. Пикир алмашуунун жыйынтыгы менен бизнес өкүлдөрүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча чечим кабыл алынды», - деди Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондор аралык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 572
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×