Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусу 25.11.2017 19:49 На русском

Айыл турмушу: Англис тилин өзү үйрөнгөн Абдумалик 15 жашынан бери туристтерге тоолорду тааныштырат (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айылынын 19 жаштагы тургуну Абдумалик Базарбаев 4 жылдан бери туристтерге кызмат көрсөтүп келет. Ал 15 жашынан тарта англис тилин жакшы өздөштүрүп, учурда 3 туристтик компания менен иштешет. Өз айылында өзүнүн атынан атайын мейманкана да ачылган.

Жылына 300гө жакын туристтерге кыргыз маданиятын, Алай тоолорун, Памир тоолорун тааныштырган мырза гид болуунун өйдө-төмөнү тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Туризм тармагына болгон алгачкы кадам

«Менин жан дүйнөм журналистикага жакын. Мындан улам учурда Ош мамлекеттик университетинде журналистика жаатында билим алып жатам. Ал эми туризм тармагына аралашып, гид болуп калуума атамдын эмгеги чоң. Биз Ленин чокусунун жанында жашагандыктан чокуга кызыгып келген туристтердин саны арбын. Атам буга чейин туристтердин жүктөрүн ат менен лагерлерге ташып кызмат көрсөтчү. 15 жашка келгенде атам менен туристтерге кызмат көрсөткөнү барып калдым. Ошондон тартып туризм менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Туристтерди тейлөөдө алгач тилдин зарылчылыгы жаралат. Мен туристтерге кыргыз маданиятын, тарыхын айтып берүү үчүн өз алдымча англис тилин үйрөнө баштадым. Айылда окуу курстары жок. Мен тилди туристтердин жардамында үйрөндүм десем болот. Азыр англис тилинен сырткары француз тилин дагы үйрөнө баштадым. Анткени мен иштеген туристтик компаниялар аркылуу көбүнчө француздар келишет. Мындан улам француздарга дагы гид болууну көздөп жүрөм. Бирок гид болуу тил менен гана чейтелбейт. Кыргызстандын географиясын, тарыхын, уламыштарга чейин мыкты өздөштүрүү зарыл», - деди ал.

Чет өлкөдөн келген туристтерди Алай, Памир тоолору көп кызыктырат

«Бизге туристтер топ болуп келишет. Ар бир топту 15 күнгө чейин алып жүрөбүз. 15 күндүн 5 күнү жол жүрүүгө кетет. Ал эми 10 күнгө пландар түзүлүп, картанын жардамы менен Алай, Памир тоолорун ат менен, жөө кыдырабыз. Туристтерди дагы бир тарткан өзгөчөлүгүбүз — меймандостугубуз. Анткени кыргыз эли кең пейил, ар бир үйгө киргенде ак сунуп туристтерди таң калтырышат. Алар өлкөбүздүн кооздугуна, таза абасына, натуралдуу тамак-аш колдонгонубузга суктанышат. Айрымдары "силер өтө калориялуу тамактанасыңар. Биз бир айда жеген калориялуу тамактарды ар күнү жейт экенсиңер" деп таң калган учурлары дагы кездешет», - деди Абдумалик.

Туристтерден эң көп берилген суроо

«Туристтер "эмне үчүн Кыргызстан тууралуу маалыматтар аз?" деп көп суроо узатышат. Көпчүлүгү көчмөндөр тууралуу маалымат издеп жатып, Кыргызстан деген мамлекет бар экенин билгенин айтышат. Туристтер бизди жакыр жашагандай элестетип келишет, бирок биздин жашообузду көрүп, жакшы жашаганыбызга ынанып калышат», - деди ал.

4 жылдык тажрыйбасы бар Абдумаликтин жайкы эс алуусу туристтер менен гана өтөт. Ал келечекте туризм тармагын өнүктүрүп, өз өлкөсүнүн экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылат.

«Биз 2 жыл мурун менин атымдан мейманкана ачканбыз. Анда жылына 300гө жакын туристтер конок болуп кетишет. Мен дагы келечекте өзүм туристтик компания ачып, туристтерди тартууну максат кылам. Ал эми журналисттик кесибим дүйнө таанымыма жардам берет», - дейт жаш гид.

Абдумалик Базарбаев үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×