Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Айыл турмушу: Өзбекстандан ташылып жаткан кыркма коондор үзүлгөндөн кийин 40 күн бөлмөдө сакталат (фото)

Turmush -  Жаңы жыл майрамына карата кышкы кыркма коондордун баалары 600 сомго чейин көтөрүлөт. Учурда Ошко кыркма коондор Өзбекстандан алынып келүүдө. Алардын айырмасы, кандай шартта сактала турганын Тамара айым аймактык кабарчыга айтып берди.

Тамара айым 15 жылдан бери коон сатып тиричилик кылат. Ал Кара-Суу районундагы Мамажан айылынын тургуну.

«Кыркма коондор ысык жерлерде гана өсөт. Ал даамы бузулбаганы менен айырмаланат. Сырты калың болгондуктан жакшы сакталат. Кыркма коондор сатууга октябрь айынан тартып чыга баштайт», - деди ал.

Кыркма коондор талаадан үзүлүп келгенден кийин 40 күн бөлмөдө сакталат.

«Коонканада коондор камыш менен илинип, 40 күн турат. 40 күндө даамына кирип, андан соң сатууга чыгарылат. Бизде Кызыл-кыя, Шамалды-Сайда кыркма коондор бар. Биз бышкан мезгилде дыйкандардын үйүнөн алып келебиз. Азыр Өзбекстандан алынып келип жаткандыктан алып-сатарлардан алуудабыз. Коондордун баалары 150 сомдон, 600 сомго чейин (1 даанасы) болот. Жаңы жыл майрамына карата коондордун баасы эки эсе көтөрүлөт. Азыр чоң коондор 350 сомго чейин бааланууда», - деп кошумчалады.

Тамара айымдын 3 баласы бар. Ал коон сатууда жолдошу менен бирге эмгектенишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2067
Көп окулду
×