Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө 51 жыл мурда курулган кинотеатрды оңдоо үчүн марафон өттү

Turmush -  Өзгөн шаарындагы 51 жылдан бери оңдоодон өтпөгөн «Айчүрөк» кинотеатрын оңдоо үчүн марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук кинодирекциясынын директору Адылбек Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, кинотеатр 1966-жылы курулган бойдон оңдоодон өткөн эмес.

«Имараттын чатырынан тамчы тамып, мындан 4 жыл мурун марафон уюштурулган эле. Андан топтолгон каражатка чатыры алмаштырылган. Быйыл Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, кинотеатрдын жетекчиси Уулкан Юлдашова жана мен демилге көтөрүп, кинотеатрдын ичин оңдоо үчүн марафон уюштурдук. Ага Өзгөн райондук администрациясынан, Өзгөн шаардык мэриясынан өкүлдөр, Өзгөн районундагы мекеме-ишканалардын башчылары толугу менен келип колдоп, өз салымдарын кошуп кетишти. Марафон өтө уюшкандыкта өттү», - деди ал.

Кинотеатр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы кинематография департаментине карайт. Департамент да колдоо көрсөтүп, 150 миң сом каражат которду. Кечээ, 24-ноябрда өткөн марафон райондук маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×