Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда малдарды идентификациялоонун 1-этабы бүттү

Turmush -  Кечээ, 24-ноябрда Кара-Суу районунда малдарды идентификациялоо боюнча жыйын болду. Ага райондогу айыл өкмөттөрдүн жетекчилери жана ветеринардык кызматкерлер катышты.

Анын жүрүшүндө идентификациялоо иштеринин 1-этабы бүтүп, ал кандай жүргөнү жана аяктаганы боюнча отчеттор берилди. Ал эми, 2-этапты декабрь айында баштоо пландалууда.

Маалым болгондой, 1-этапта райондогу бодо малдардын кулагына тагылуучу 50 миң даана бирка алынган. Мындан сырткары, Кара-Суу шаарына жана районуна 33 даана ноутбук, 33 даана смартфон берилген. Маалымат базасы электрондук онлайн системасында иштеп жатат.

«Айрым айыл өкмөттөрдө интернет байланышы жок. Ал жерлерге интернетти туташтыруунун жолун таптык. Ал эми, тоолуу Папан жана Кызыл-Суу айыл өкмөттөрүнүн операторлору башкармалыктын кеңсесинде инспекторлордун жардамы менен идентификациядан өткөн малдарды маалымат базасына киргизишти. Учурда ал жакка да интернет байланышын орнотуу сүйлөшүлүп жатат», - деди Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Арстанбек Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×