Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Фото - Репер Егор Крид менен ырчы Авраам Руссо мактаган кыргыз ашпозчу Вилдарбекти эстрада жылдыздары атайын издеп барышат

Turmush -  Ош шаарындагы белгилүү ашпозчу Вилдарбек россиялык рэп ырчысы Егор Криддин алкоосуна татыган. Ал 12 жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалайт. Акыркы 6 жылдан бери Ош шаарындагы кафелердин биринде эмгектенип жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Мыкты ашпозчулардын катарын толуктаган Вилдарбек Бактыбек уулу 1988-жылы Ысык-Көлдө төрөлгөн. Ал 400 түрдүү тамак жасай алат. Ашпозчулук тажрыйбасында эл оозуна улуттук тамактарды заманбап жасалгалоо менен алынган. Анын жасаган тамактары даамдуу болуп эле калбастан, түрдүү жашылчалар менен кооздолот. Кафеге келген коноктор Вилдардын тамагына ыраазы болуп, ыраазычылык да билдирип кетишет. Вилдар палоону кошумча кошулмаларсыз даамдуу даярдайт. Анын сырын ал өзгөчө берилип жасаганы менен түшүндүрөт. Палоо даярдоо менен чектелбестен атайын Дубайга, Москвага барып, япон, европа, итальян ашканасында белгилүү тамактарды жасоону өздөштүргөн.

Ошондой эле, өз күчүн сыноо максатында сынактарга катышып жатканын кошумчалады. Жакында эле Бишкекте мыкты делген 10 ресторандын ашпозчулары катышкан сынакта 2-орунду ээлеп келген. Улуттук тамактарды заманбап стилде жасоо боюнча сынакта да Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстандын ашпозчуларынын арасында 2-орунду алган. Ал сынакка америкалык белгилүү ашпозчу Томас Гуглер калыстык кылган болчу.

Вилдардын палоосу чет элден келген коноктордун да сүйүктүү тамагына айланганы айтылып келет. Орусиялык белгилүү рэп ырчысы Егор Крид Вилдар жасаган палоону жактырып, өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына да жайгаштырган. Орусиялык ырчы Авраам Руссо дагы анын европалык стилде жасаган тамагы даамдуу экенин айтып, ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле, Ошко гастролдоп келген кыргызстандык белгилүү ырчылар атайын Вилдар жасаган тамактардан жеп кетишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3150
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×