Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Кара-Сууда 88 жыл мурда түптөлгөн асыл тукум койлорду көбөйтүүчү жалгыз ферма сакталып калган

Turmush -  Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 88 жыл мурда ачылган мамлекеттик «Асыл тукум» кой фермасы сакталып калган. Анда меринос койлорду сактап калууга басым жасалып, учурда 3200гө чукул кой багылууда. Алардын жүнүнө болгон талап жыл өткөн сайын күчөп баратканын ферманын директору Өмүрзак Маразаков аймактык кабарчыга маалымдады.

«Асыл тукум койлордун туягын сактап калуу негизги милдеттерибиздин бири. 3200 койду 9 чабанга бөлүп бергенбиз. Жергиликтүү койлордон айырмаланып асыл тукумдуу ак койлор эт жана жүн багытында багылат.

кой

Мындан сырткары чабандар козуларынан бөлгөндө саап, сүтүн да алышат. Май-июнь айларында жүн кыркуу иштери жүрүп, килограммы 160-190 сомдон сатылат. Асыл тукумдуу койлор суукка чыдамдуу келип, кар түшкөнгө чейин жайлоодо жүрө беришет. Учурда ноябрь аяктап калганына карабастан тоодон түшө элек. Кар жааганда гана кыштоого келишет. Күздүн узак болушу чабандарга ыңгайлуу болууда», - деди ферманын башчысы Ө.Маразаков.

Башка райондордун фермерлери асыл тукум койлорду 5-8 миң сомго чейин сатып алып жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө чабандар менен келишим аркылуу иштейбиз. Алардын ар бирине 300дөн койлорду бөлүп бергенбиз. Өздөрү чөбүн жыйып, тоютун даярдайт. Алынган төлдөн жана жүндөн биздин чарбага 25% беришет. Мындан сырткары койлорду жасалма жол менен уруктандыруу иштери жүрүп турат. Койлордун этин эт алуучулар, ал эми жүнүн Кытайдан инвесторлор издеп келип алып кетишет. Мамлекет тарабынан ак койду көбөйтүү жаатында жакшы көңүл бурулса эл жумуш менен камсыз болуудан сырткары продукциябыздын баасы жогоруламак.

Ар бир ак койдон 4 кг жүн алынат. Кара койлорго салыштырмалуу жүндүн сапаты абдан жакшы. Кара койдун жүнү 3-5 сомдон сатылып, бааланбай жатат. Ал эми меринос койлорунун жүнүнө болгон талап жылдан-жылга күчөп баратат», - деди ал. 

койлор

Мамлекеттик ферма Кара-Суу жана Алай райондорунун жайытына ижара акы төлөйт.

«Койлорду Алай районунун жайытына алып баруу үчүн ветеринардык билдирме алуубуз керек. 3,5 миң койду өткөрүү үчүн 35 миң сомго чукул акча керектелет. Азыр асыл тукум койлорду түштүктө көп алышпайт. Бизде көбүнчө куйруктуу койлорго басым жасалат. Учурда койлордун баасы 3,5-5 миң сомго чейин жетет. Иштеген кызматкерлерге берилүүчү айлык акы, тамак-ашка каражат табуу үчүн койлордон сатабыз. Учурда башка аймактарга да алып чыгууну пландап жатабыз», - деди Ө.Маразаков.

ферма

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×