Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Алайда 2 миңден ашуун жолбун ит жок кылынды

Turmush -  Алай районунда 2 миңден ашуун жолбун ит жок кылынды. Бул тууралуу райондун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Шерботоев билдирди.

«Райондогу иттерге кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүздүк. Учурда иттердин 92% эмдөөдөн өттү. Ал эми ээси жок, жолбун иттер атылып, жок кылынууда. Учурда район боюнча 2 миң 120 жолбун ит атылды», - деди ал.

Ошону менен катар Алай району боюнча бодо малга индентификация жүргүзүлүп, малдар тууралуу маалыматтар интернетке жайгаштырылууда.

«Быйыл идентификация жүргүзүү үчүн 54 адисти даярдаганбыз. Учурда саан уй, кунаажындарга номурлар тагылып, мал тууралуу маалыматтар интернетке жайгаштырылууда. Район боюнча 14 айыл өкмөттүн ичинен 12 айыл өкмөт интернетке туташтырылган. Ал эми 2 айыл өкмөт интернетке туташтырылуу алдында турат.

Мындан сырткары, бодо мал сибирь, шарп ылаңдарына каршы эмделүүдө. Ал эми 3 айдан 8 айга чейинки козу-улактардан бруцеллез ооруусун аныктоо үчүн кан алынууда. Жыл башынан бери бир дагы малдан жугуштуу ооруу чыккан жок», - деди Шерботоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 426
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×