Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндүктөр «Тазалык» ишканасын сактап калуу керектигин билдиришүүдө

Turmush -  Өзгөн шаарынын айрым тургундары «Тазалык» ишканасынын базасын жана имаратын башка кызматтарга берип жибербөө керектигин билдирип чыгышты. Алар бул талабын АКИpress-Оштогу маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, ишкананын базасынын жанына муниципалдык базар киргизилип, базарды да соодагерлер иштете баштаган. «Тазалык» ишканасы өз базасы, имараты туруп башка жакка ижара төлөп иштеп келишкен. Өткөн жылы азыркы вице-мэр Мухамед Макешовдун кийлигишүүсү менен «Тазалык» ишканасы өз базасын кайра пайдалана баштаган.

«Комхоз жоюлат, сатылат» деген имиштер чыгып жатат. Тазалыкты караган ишкана керек. Шаардын тазалыгы керек. Шаарыбыз таза болушун каалайбыз. Техника менен камсыз кылыш керек. «Тазалыктын» өз базасы туруп автобазага ижара төлөтүп коюшкан. Вице-мэр Мухамед Макешов «Тазалык» ишканасынын өз базасы туруп, ижарага акча төлөп эмне кыласыңар?» деп, өз базасына алып келип койду. Ага рахмат», - деди Өзгөн шаарындагы «Улукбек» кварталдык комитетинин башчысы Рахманали Акбаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 719
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×