Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда жасалма жол менен уруктандырылган малдын көргөзмөсү өттү

Turmush -  Кара-Суу районунда жасалма жол менен уруктандырылган малдын көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Мады айыл өкмөтүнүн ветеринардык дарыгери Жунус Исмаиловдун айтымында, анда жергиликтүү малга салыштырмалуу эт жана сүт багытындагы музоолордун көрсөткөн өсүү темптери тааныштырылды.

«Малды уруктандырууда алгач текшерүүдөн өтөт. 100 малдын 30у кадимкидей эле жатын оорусуна кабылгандар. Алар букалардан жуккан. Ал эми жасалма уруктандырууда эч кандай кооптуу оруулар болбойт. Ар бир малга бир гана жолу колдонулуучу кол кап, ийнелер колдонулат. Аны экинчи малга колдонууга болбойт. Мал болсо да аларга гигиена сакталат. Жатын ооруларын жайылып кетпөөсү үчүн жасалма уруктандыруу жолуна өтүшүбүз керек», - деди Исмаилов.

Кара-Суу районунда 2011-жылдан тартып малга жасалма уруктандыруу иштери жүрө баштаган. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жасалма уруктандырууну үйрөнүү үчүн жаштар Кара-Суу районуна чогулуп жатат. Алар 10 күндүн ичинде келишим баада окуп, практикасын кошо өздөштүрүп, сертификатка ээ болушууда.

«Мады айыл өкмөтүндө бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен 2015-жылы жеке менчик ветеринардык бөлүм ачылган. 2 жылдан бери каалоочуларга жасалма уруктандырууну жайылтуу максатында үйрөтүп жатабыз. Кара-Суу районунун жаштарына салыштырмалуу Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун жаштарында уруктандырууга кызыгуу күч. Жалал-Абад облусунан да келип окуп кеткендер арбын. Ар кандай кесиптин ээлери болгонуна карабастан, ветеринардык жаатта кызыгуусу болсо үйрөнө беришет. Жогорку окуу жайда окуган студенттер, милиция кызматын аркалоо алдында тургандар деле үйрөнүп жатышат. Алгач келишим түзүлүп, алыстан келгендерге жатакана, тамак-аш маселесин кошуп чечип беребиз. Түшкө чейин теория, шашкеден кийин практика жүзүндө үйрөтөбүз. Алар 10 күндүн ичинде толук үйрөнүп чыгышат», - деди Исмаилов.

Ветеринар буга катар эле жасалма уруктандыруу сандан сапатка өтүүнүн бирден-бир жолу экендигин белгиледи.

«Июнь айынын ортосунан тартып эле жайыттарда чөп калбай калат. Мал көп болгону менен алардын сапаты жок. Жергиликтүү мал сүттү жана этти аз берет. 10 мал баккандан көрө жасалма жолу менен өстүрүлгөн 2 мал баккан артык. Мисалы уруктардын ар кандай түрлөрү бар. Эт багытында баккан малдарды 2 жылда 200 миң сомго чейин саткандар болуп жатат. Ал эми, сүт багытындагы уйлар 1 жашында эле 15 литрден кем эмес сүт бере баштайт. Бул ыкманы көргөндөр малынын төлүн күз мезгилине ылайыкташат. Анткени кыштын күнү сүт 30 сомдон жогору баада сатылат. Жай мезгилинде сүттүн баасы 12 сомдон көтөрүлбөйт. Ошондой эле төлү жакшы болуп, 2-3 музоолуу болгондор көп кездешет», - деди ал.

Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Арстанбек Сулайманов да бул демилгени колдойт. Ал башка райондорго салыштырмалуу Кара-Суу районунда малды жасалма уруктандыруу кенен тарап жатканын айтты.

«Жасалма уруктандыруудан алган 6 айлык музоо жергиликтүү 2 жашар буканын салмагы менен барабар болот. Кыргыздар илгертеден малдын туягын эле санап келген. Бул көз караштан арылып, сапаттуулукка басым жасашыбыз керек. 200 грамм сүт берген малдарды кармап отура бербей, 15-20 литр сүт бергендерди арбытсак болот. Колдоого аларлык иш болуп жаткандыктан, айыл чарба жармаңкелерине жасалма уруктан туулган музоо, уй, букаларды көргөзмөгө коюп жатабыз», - деди А.Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 722
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×