Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото — Ноокатта согуштун ардагерине унаа алуу үчүн 120 миң сом тапшырылды

Turmush -  Согуштун Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүндөгү 2 ардагерине акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Нурланбек Асанов билдирди.

Маалыматка караганда, Күнгөй-Кожеке айылынын 95 жаштагы тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Кадыр Чоңмуруновго жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом берилди. Сыйлыкты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 25-ноябрда тапшырды. Акча аксакалга унаа алып берүү үчүн тапшырылды.

Ушул жылдын август айында дагы бир 91 жаштагы ардагер Абсамат Сулаймановго КРнын өкмөтү колдоо иретинде 100 миң берген болчу. Учурда Н. Исанов айыл аймагында согуштун 2 ардеги калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×