Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Өзгөндүк Э.Полотов помидор өстүрүп, түшүмүн кышында сатканы жатат (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 36 жаштагы тургуну Эрнист Полотов 30 сотых жерге күнөскана куруп, айыл элин помидор менен камсыз кылуу алдында турат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгачкы түшүмүн декабрь айында сатыкка чыгарууну көздөп жатат.

«Быйыл интернеттен карап, өз алдымча күнөскана курдум. Күнүмдүк жумушум күнөскананы кароо менен башталат. Эртең менен туруп эле мешке от жагам. Сабина сортундагы помидорлорун эккем. Бул помидор жеригиликтүү помидорлордон бийиктиги 2 метр болгону жана көп түшүмдүүлүгү менен айырмаланат. Ар бир түбүнөн 3 кг жакын помидор алам деген ниеттемин. Азыр күнөсканада жалпы 12 миң түп помидор бар. Аларды быйыл 5-август күнү отургузгам. Түшүмүн декабрь айында сатыкка чыгарам», - деди дыйкан.

Эрнист мырза кышында 1 кг помидорго 150 сомго сатылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Күнөскананын жылытуучу мештерин, түтүктөрүн ар бир экинчи жөөккө орноштуруп, үстүн жыгачтар менен тиретип, зым тартып чыккам. Жылуулук жакшы берилсе, помидорлор, өз убагында бышып жетилет. Помидорлор аз күндө массалык түрдө быша баштайт. Негизи помидор 90 күндөн 120 күнгө чейинки аралыкта бышат. Аларды ар 10 күндө тамчылатып сугарып турабыз», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 629
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×