Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Бүлөлүдө биринчи жолу спорт залы ачылды

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндө алгачкы жолу спорт залы курулуп, пайдаланууга берилди. Айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Артыков аймактык кабарчыга билдиргендей, ачылыш аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Алай районунун акими Ильяз Ташкулов, жергиликтүү тургундар жана мектеп жамааты күбө болушту.

«Биздин айыл өкмөттө 3 орто мектеп бар. Бирок үчөөндө тең спорт зал жок болчу. Быйыл Кошулуш айылындагы мектептин заманбап спорт залы курулду. Ага республикалык бюджеттен 9 млн 700 миң сом бөлүндү. Спорт залдын курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталган болчу», - деди Б.Артыков.

Бул спорт залда окуучулардан тышкары айылдагы жаштар дагы машыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×