Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн турак жайлары ураган 405 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти (фото)

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары урап калган 405 үй-бүлө жаңы үйлөрүнө киришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, алардын ичинен эң биринчи үйүн бүтүргөн Абсаттар Садировго өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев түстүү сыналгы жана акчалай сыйлык тапшырды.

Жаңы конуштун ачылыш аземине облус башчысы, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Таалайбек Сарыбашев аз камсыз болгон 3 үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүп, курулуп жаткан ооруканалар, мектептер менен таанышып чыкты. Куруучуларга имараттарды сапаттуу жана талапка ылайыктуу курууну дайындады. Кышка карата калкты көмүр менен камсыз кылуу маселеси менен да таанышып, көмүрдү бөлүштүрүп алып жаткан жергиликтүү тургундар менен да пикир алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 537
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×