Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.11.2017 11:38 На русском

Өзгөндөгү унаа кырсыктан 50 жаштагы аял жаракат алды

Turmush -  Өзгөн районунда жеңил унаа 50 жаштагы аялды койдуруп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ 29-ноябрь күнү саат 18:20 чамасында Кара-Кулжа—Мырза-Аке унаа жолунун 22-чакырымында болгон. Анда Өзгөн шаарынын 1976-жылы туулган тургуну С.Ж. өзүнүн «Опел Астра» үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөн шаарына келе жатып, Мырза-Аке айылынын 50 жаштагы тургуну Ш.Розаны койдуруп кеткен. Натыйжада аялдын колу сынып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген. Азыркы убакта абалы туруктуу. Учурда аталган кырсык боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×