Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Кара-Суу районундагы мечиттен ири өрт чыкты

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы «Жалгыз бак» мечитинде өрт чыкты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн, 1-декабрга караган түнү саат 00:04 чамасында катталган.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №109 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылды. Мындан сырткары, РИИБден 4 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 3 кызматкер, Ош РЭТ ишканасынан 1 бригада иштеди.

Жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 00:47де өрт чектөөгө алынып, саат 02:48де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен мечиттин 500 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана 200 чарчы метр желим шыбы күйгөн. Өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×