Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майып арабалар тапшырылды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында 63 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнө карата тиричилик техникалары тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Мирзахит Маматкасымов билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов, Жогорку Кеңештин депутаты Надирбек Каримов келип куттуктады.

«Өзгөн шаарындагы ар бир кварталдык комитеттен үчтөн жаран чакырылып, жалпы 63 жаранга электр чайнектер тапшырылды. Шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады», - деди М.Маматкасымов.

Ошондой эле, Өзгөн райондук социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан 29 жаранга майып арабалары тапшырылып, 1-2-топтогу майып 64 адамдарга эс алууга жолдомо берилди.

«Биз жыл сайын эле кыш мезгилинде эс алууга жолдомо беребиз. Быйыл 64 жаранга Мамакеев атындагы жана Ысык-Ата эс алуу жайларына барып эс алып келишет. Мындан сырткары район боюнча майып арабасына муктаж 29 жаранга майып арабалары берилди», - деди социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы М.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×