Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Сириядагы согушка күбө болгон оштук студент: Түнкүсүн октор чоктой жанып, эки тарапка учуп турчу

Turmush -  Кара-Суу районунун Чагыр айылынын тургуну Эмил Мамытов Сириянын борбор шаары Дамаскта жайгашкан Ислам институтунда шарият илими жана араб тили боюнча 6 жылдан ашык билим алып келди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сирияда окуп жүрүп, ал жактагы согушка күбө болгон.

«2010-жылы апрель айында Москва шаарында иштеп жүрүп, интернеттен араб өлкөлөрүнө кантип окуса болору тууралуу маалыматты окуп калдым. Араб өлкөлөрүнүн ичинен визасы жеңил, окуу жайларынын шарты канааттандырарлыгы Сирия болду. Көп ойлонуп отурбай аталган өлкөнүн борборуна бардым. Ошто араб тили курстарында окуп жөргүнүм үчүн ал жакта тил маселесинен кыйналганым жок. Дамаск шаарына барганымда алгач 3 айлык тил курсунда окудум. Андан кийин шарият илими жана араб тилин үйрөтүү боюнча жалаң чет өлкөлүктөрдү окута турган институтка кабыл алындым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, ал жактагы согуш 2011-жылы башталганын, бирок алардын окуу жайына коркунуч болбогонун айтты.

«Менин түшүнүгүмдө алгач Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигине каршы митингдер өтүп жаткан. Кийин өкмөттүк күчтөр митингчилерди аткылай башташты. Ошондон кийин баары баш аламан болуп кетти. Алгач ким менен ким согушуп жатканын билбей калдык. Арадан убакыт өтүп, «Ислам мамлекети» деген кыймыл пайда болгонун жана алар Сириянын бир канча шаарларын ээлеп алганы жөнүндө кабардар болдук. «Ислам мамлекеттинин» согушчандары Дамаскка 600-700 метрдей (Э. Мамытовдун болжолунда) жакын келип, эки тараптан аткылоолор тынбай жатты. Башында октордун, бомбалардын үнүнөн чочуласак, кийин бул көрүнүш көнүмүш адатка айланып, коркпой деле калдык. Биздин окуу жай борбордо жайгашкандыктан айнектерге ок гана тийгенин эсепке албаганда, жабыркаган жок», - деди ал.

Эмилбек Мамытов ошол убактарда коменданттык саат жарыялангандыгын, убакыт-убакыты менен борбор калаанын кээ бир жерлерине ракеталар түшүп тургандыгын кошумчалады.

«2013-жылы болуш керек, окуп жаткан убагыбызда катуу жарылуунун үнү угулду. Окуу жайыбыздын айнектери талкаланып калды. Жүгүрүп чыгып айнектен карасам окуу жайыбыздан алыс эмес жерге ракета түшүптүр. Айлана боппоз туман. Болжошумча 7-8-класста окуган балдар томолонуп жатышат. Окуу жайыбыздын багында отурганыбызда октор дарактарга тийип же жаныбыздан өтүп кеткен күндөр болчу. Окуу жайыбыздын жанынан атылып бүткөн окторду таап алчубуз. Жатаканада жатканда түнкүсүн октор кызыл чоктой жанып, эки тарапка учуп жатканына күбө болор элек.

Бир жолу ракета кыпкызыл болуп учуп келип биздин окуу жайдан 150 метр алыстыкта жайгашкан соода түйүнүнө түштү. Арадан көп убакыт өтпөй эле дагы бири келип жарылды.

Дамаск Сириянын борбору болгону үчүн кыйроолор аз болду деп ойлойм. Болбосо биз да аман калат белек деп ойлоп калам. Жогоруда айтканымдай айланабызда болуп жаткандын баары көнүмүш адатка айланган. Кээде окуу жайыбыздын айланасына согушкерлер келип, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканын көрөт элек, - деди ал.

Мекендешибиз буга катар эле, 6 жылда аларды согушка катышууга үгүттөөлөр болбогондугун, борбор калаа салыштырмалуу бир коопсуз болгондугун белгиледи.

«Окуу жайда бүт чет өлкөлүктөр окудук. Мени менен бирге окугандардын эч кимиси согушка аралашкан жок. Биз өзүбүз тандаган тармак боюнча гана окуп жүрдүк», - деди ал.

Эмилбек Мамытов учурда үй-бүлөлүү, базарда соода менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4147
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×