Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Алайда медицина кызматкерлери арасында СПИДке каршы сынак уюштурулду

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы аймактык ооруканада Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлык жыйынтыкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында дарыгерлер ВИЧ/СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буклет таратып жана санбюллетендерди чыгарышты. Ошондой эле, аталган ооруканада 12 бөлүмдүн медицина кызматкерлеринин арасында сынак уюштурулду. Сынак «Ден соолук укугу» урааны менен өтүп, ага «Таза коом», «Биз СПИДке каршыбыз» жана «Ден соолук» командалары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду коордиология, терапия, жугуштуу оорулар, учукка каршы бөлүм («Таза коом») алса, 2-орунга неврология, төрөт, гнекология, балдар бөлүмү («Биз СПИДке каршыбыз») татыктуу болду. Ал эми, 3-орунду «Ден соолук» командасы алды. Оорукананын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 372
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×