Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит аны өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда, - Ош ШИИБ

Turmush -  Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит аны өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-декабрь күнү күндүзгү саат 10:30 чамасында Ош ШИИБдин оперативдүү тергөө тобу, чакыруу боюнча Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнө барышкан. Ал жерде унаа токтотуучу жайдын артынан башы жарылган жаракаты менен 18-25 жаштар чамасындагы жигиттин жансыз денеси табылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ал жигит 1999-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылында туулган тургуну, Ош мамлекеттик социалдык университетинин 1-курсунун студенти, С.уулу Дөөлөтбек экендиги такталган.

Анын өлүмүнө шектелип милиция тарабынан 6 жигит кармалып, абакка киргизилди. Кармалган балдардын экөөсү эч жерде иштебейт, төртөө Ош техникалык университетинин студенттери. Кармалган балдар 1992-жылы, 2000-жылы, 2001-жылы жана 1999-жылы туулган жигиттер болушкан. Алардын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар өз көрсөтмөлөрүндө 2-декабрь күнү каза болгон Дөөлөтбек аларга мас абалда келип, өзү жаңжал салгандыгын, андан кийин аны сабашкандыгын, бирок өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2018
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×