Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 06.12.2017 09:42

Ошто мечиттин жанынан табылган чемодандан жарылуучу зат чыккан жок

Turmush -  Кечээ, 5-декабрда Ош шаарындагы мечиттин жанынан табылган чемодандын ичинен эч нерсе табылган жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын ичинде жарылуучу зат болушу мүмкүн экендиги тууралуу милициядан маалымат түшкөн. Кырсыкты алдын алуу максатында саат 15:43тө ӨКМдин Ош шаарындагы куткаруучулары менен милиционерлер жерине барышкан. Жыйынтыгында мечиттин айланасында жаткан чемоданда эч кандай жарылуучу же зыян алып келүүчү зат болбогондугу аныкталды. Чемоданды бирөө унутуп кеткендиги такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×