Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Музыкантты басып кала жаздаган Ош Улуттук драма театрынын бастырмасы жаңыланды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын бастырмасы менен 40 жылдан бери алмаштырылбай, чирип кеткен жылуулук түтүктөрү толугу менен алмаштырылды. Бул тууралуу аталган драма театрынын жетекчиси Шералы Бекташов билдирди..

Буга чейин маалым болгондой, 2016-жылы Улуттук драма театрдын алдында өткөн «Этномаданият» фестиваль учурунда театрдын бастырмасы кулап кеткен.

«Театр 1974-жылы ишке берилген. Ошондон бери 2011-жылга чейин оңдоодон өткөн эмес. 2011-жылы Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү дирекциясы түзүлүп, театр толугу менен капиталдык оңдоодон өткөн. 2016-жылы чоң маданий фестивалда бастырма кулап, музыкант балабызды басып кала жаздаган. Мындан улам өкмөттөн 1 млн сом каражат бөлүнүп, бастырмасы менен фасады толугу менен алмаштырылды. Азыр бастырма 90 жылдык кепилдик менен курулуп, кыргыз оюмдары түшүрүлдү. Мындан сырткары быйылкы жылы өздүк фонддун эсебинен 40 жылдан ашуун убакыттан бери алмаштырылбай, чирип кеткен жылуулук түтүктөрүбүз алмаштырылды.

Театрдын учурда орчундуу көйгөйлөрүнүн бири таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу болуп саналат. Анткени суу түтүктөрү да жараксыз абалга келип калган. Ал үчүн өкмөт тарабынан 150 миң сом каражат бөлүп берилген», - деди ал.

С. Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында жылына план боюнча 3төн спектакль даярдалат. Быйыл алар 4 спектаклды даярдоого жетишишкен.

«Капиталдык оңдоодон өткөнүнө деле 6 жыл болуп калды. Биздин театрга жылына 300 миңге жакын көрүүчү келет. Шаардагы маданий иш-чаралардын баары бизде өтөт. Мындан улам көшөгөлөр, жасалгалар дагы эскирген. Ошондуктан театр жыл сайын оңдоодон өтүп турушу керек», - деди Ш.Бекташов.

Аталган драма театрда жалпы 172 кызматкер эмгектенет. Анын 45и чыгармачыл топ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 645
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×