Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Жыл башынан бери кыргызстандык 2 жаран чет өлкөгө сатылып кеткен

Turmush -  Жыл башынан бери чет өлкөгө кыргызстандык 2 жаран сатылып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Ош шаарында өткөн «Адам сатууну алдын алуу, мамлекеттик органдардын кызматташуусунун абалы жана перспективалары» аттуу жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө ТИМдин түштүктөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчысы Азамат Кабаев Кыргызстандын 2 жараны Дубайга жана Индияга сатылып кеткенин билдирди.

«2015-жылы Казакстанда 16 адамга, Дубайда 1 адамга жардам берилген. Мындан сырткары Казакстандан 5 адам Кыргызстанга кайтарылып келинген. Бириккен Араб Эмираттарынан 1 жаран, Турция мамлекетинен 5 жаран кайтарылган.

Ал эми, эмгек кулчулугунан 11 жаран кайтарылып келинген. 2016-жылы кулчулукта жүргөн 4 факты катталган. Булар Казакстандын Алматы шаарында, Бириккен Араб Эмираттарында, Индия да катталган. 2017-жылдын эсебинен 2 факты катталган. Бирөөсү Дубайда, бирөөсү Индияда экендиги маалым болду», - деди А.Кабаев.

Иш чаранын максаты — мамлекеттик органдардын адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишмердигинин жыйынтыктарын көрсөтүү жана аталган чөйрөдө түзүмдөр аралык кызматашууну бекемдөө. Иш чарага түштүк облустарынын жана Ош шаарынын мамлекеттик органдарынын, жарандык коомдун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 605
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×