Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 26 жаштагы сокулуктук депутат футбол боюнча райондук команданы 7 жылдан бери жетектейт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айылдык кеңешинин 26 жаштагы депутаты Таалайбек Бектемиров бала кезинен бери спорт менен машыгат. Өзүнүн айтымында, ал 7 жылдан бери Сокулук районунда түзүлгѳн «Сокулук-Биримдик» курама командасынын капитаны болуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Спортко бала кезимен кызыгам. 8-класста окуп жүргѳндѳ футбол боюнча мектептин курама тайпасында ойночумун. Жеке эле футболго эмес волейбол ойногонго да кызыкчумун. Ал эми чуркоо боюнча мектепте да, райондо да биринчиликти берчү эмесмин. Жогорку окуу жайда окуп жүргѳндѳ Кыргыз улуттук университеттин курама тайпасында ойноп, ал жактан кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетиштик.

Кийин 2010-жылдан бери сокулуктук патриот агаларымдын демилгеси менен түзүлгѳн «Сокулук-Биримдик» тайпасынын капитаны болуп келем. Сокулук району Кыргызстандагы эң чоң райондордун бири катары эсептелинет эмеспи. Ошол тайпабызга он чакты айыл ѳкмѳттүн балдарын чогултканбыз. Аталган тайпа түзүлгѳндѳн бери кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишип жатабыз. Райондо акимдин кубогун жеңип алганбыз. Чүй облусунун 2-жолку чемпиону болдук. Келе жаткан жылы республиканын биринчилигине катышабыз, мындан улам демөөрчүлөрдү издеп жатабыз», - деди ал.

Таалайбек Бектемиров айылдык кеңештин депутаты катары жаштарды спортко үндѳп келет.

«Мен ѳзүм Крупск айылдык кеңешинин депутаты катары айыл жаштарын ар кандай жаман адаттардан алыс болууга жана анын ордуна ден соолукту чыңдоо үчүн спорт менен машыгууга үндѳп келем. Жеке эле футбол эмес, жаштар арасында ар кандай спорттун түрлѳрү менен мелдештерди ѳткѳрүп турабыз», - деди ал.

Таалайбек Бектемиров 1991-жылы 17-ноябрда Бишкек шаарында тѳрѳлгѳн.

«Мен 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжине тапшырып, 2013-жылы жогорку окуу жайды бүтүргѳм. 2013-жылы келинчегим экѳѳбүз баш кошконбуз. 2014-жылы уулду болдум. Азыр балам 3 жашта», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 502
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×