Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Өзбекстандык адам кызына алимент төлөбөш үчүн аны муунтуп өлтүрүүгө шектелүүдө

Turmush -  Өзбекстандын Андижан облусунун Булак-Башы районунун 27 жаштагы тургуну Диербек Юлдашев өзүнүн 8 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу centralasian.org маалымдады.

Маалыматка караганда, ал кызы Севараны муунтуп өлтүргөн. Кыздын денеси 2-декабрда райондогу каналдан табылган. Басылманын укук коргоо органдарындагы өздүк булактары ал кызын өлтүрүп коюп, кылмышты 40 күн жашырып жүргөндүгүн билдирген. Ал тергөө учурунда кылмышын мойнуна алган.

Диербек Юлдашевди жакындан тааныгандар ал кызын ажырашып кеткен аялынан кызгануудан жана ал үчүн алимент төлөбөй коюуну ойлоп өлтүргөндүгү кеп болуп жаткандыгын айтышкан.

«Диербек 2 жыл мурда биринчи аялы менен ажырашып, кайра аял алган. Жалгыз кызына алимент төлөп жүрчү. Өзү эч жерде иштечү эмес. Ал 8 жаштагы кызын алимент төлөбөш үчүн өлтүрүп койгондугун айтып жатышат», - деди аны тааныгандардын бири.

Азырынча укук коргоо органдары кылмыштын себебин ачыктай элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×