Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Forbes эң көп акы алган ырчылардын тизмесин жарыялады

Turmush -  Америкалык Forbes журналынын эң көп акы алган ырчылар боюнча чыгарган рейтингинде 1-орунду 1 жылда 130 млн доллар тапкан рэпер Diddy (Шон Комбс) ээледи.

Маалыматка караганда, рэперге мынча акчаны табууга Bad Boy Family Reunion Tour турнеси, Ciroc арагы менен түзүлгөн келишими жана жана Sean John кийимдерин сатуу жардам берген. Рейтингдин 2-орунун 105 млн доллары менен ырчы Бейонсе ээледи. 3-орунду 94 млн доллары менен канадалык рэпер Дрейк ээлеген. Рэпер The Weeknd 92 млн доллары менен 4-орунду алды.

Рейтингге кирген музыканттардын көпчүлүгү акчаларын концерттик турнелерден тапкан. Алардын байлыгын эсептөөдө 2016-жылдын 1-июнунан, 2017-жылдын 1-июнуна чейинки убакыт каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 469
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×