Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 12.12.2017 23:57

Айыл турмушу: Кийизден сувенир жасоо хоббисине айланган архитектор

Turmush -  Кара-Суу районундагы Маданият айылынын тургуну Нурали Рыскулов кийизден 3 кабаттуу боз үйлөрдү жана куурчактардын түрүн сувенир кылып жасайт. Архитектор кесибин алган мырза бул өнөр анын хоббиси экенин айтты.

«Кичине кезимден эле кол өнөрчүлүккө жакынмын. Кесибим мага чоң жардам берет. Боз үйлөрдү жасоодо кыйынчылык жаралбайт, эскиздерин да өзүм даярдайм. Эмнегедир Оштогу 3 кабаттуу боз үйдү көрүп суктанчумун. Кызыгуумдун артынан 3 кабаттуу, жөнөкөй сувенир боз үйлөрдү көп жасадым. Ошондой эле балдар үчүн кийизден жумшак оюнчуктарды жасайм. Балдарыбыз таза оюнчуктарды ойносо деп тилек кылгам», - деди ал.

Нурали мырзанын апасы да чебер айым. Анын ар бир жасаган эмгектеринде апасынын жардамы чоң.

«Тигүү иштерине апам көп жардам берет. Керектелүүчү буюмдарды Оштон, түстүү кийиздерди Бишкектен алдырабыз. 3 кабаттуу боз үйлөрдүн сувенирлери 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин бааланат. Ал эми кийизден жасалган оюнчуктардын баасы 100 сомдон башталат», - деди Н.Рыскулов.

34 жаштагы кол өнөрчү учурда архитекторлук кесип менен да алектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×