Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуАраван району 11.12.2017 09:18

Араванда 7 тонна тоют чөп өрттөндү

Turmush -  Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу акыркы сутка ичиндеги өрт кырсыктарына себеп болду.

Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүндөгү Уйгур-Абат аймагында 2 кабаттуу сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен чатыры, 4 тонна тоют чөп күйгөн.

Ушундай эле себеп менен Аравандын Юсупов айыл аймагындагы Сарай айылында 60 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 12 чарчы метр жыгач шыбы, 3 тонна чөп жана 80 боо жүгөрү бакалы күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×