Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 15.12.2017 08:50 На русском

Айыл турмушу: Куруучулардын кызы архитекторлук кесипти тандады

Turmush -  Ош шаарындагы жогорку окуу жайда архитектуралык тармак боюнча билим алган 28 жаштагы Гүлсана Алимова жеке фирмалардын биринде архитектор кызматын аркалайт. Ал бул кесипти кантип тандап алганын кабарчыга айтып берди.

«Бул кесипти тандап алышыма атам себеп болгон. Yй-бүлөбүз ушул тармакка жакын. Атам жана агам кесиби боюнча куруучулар. Yйдө ушул тармак боюнча иштер көп талкуу болчу. Атам мени курулуш объектилерине көп алып барчу. Ошол себептен ушул тармакка кызуугум күч алган. 2007-жылы Ош технологиялык университетинде билим алып баштап, 6 жыл бюджет бөлүмүндө окудум. Тайпабызда 6 эле кыз бар эле. Ал жакты 2013-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым. Азыр эки кыз өз кесибибиз менен иштеп жатабыз», - деди архитектор кыз.

Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Ош шаарындагы жеке фирмалардын бирине ишке орношкон.

«Окууну аяктаган жылы шаардагы жеке фирмалардын биринде иштей баштадым. Теория менен практиканын айырмасы өтө чоң экен. Иште кыйынчылыктар көп болууда. Архитектор кесиби оор кесип экенин эми түшүнүп жатам», - деди ал.

Жаш архитектор кесиби кылдат кесиптердин бири экенин белгиледи.

«Архитектор кесиби кылдаттыкты талап кылат. Өз ишиңе кылдат мамиле жасабасаң көп адамдын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн. Дарыгер операцияда ката кетирсе бир адамга зыян келтириши мүмкүн, ал эми биздин кесипте бир ката аркылуу бүтүндөй бир үйдүн жашоочуларына зыян болушу мүмкүн. Көп кабаттуу үйдө ондогон үй-бүлө жашайт. Алардын жоопкерчилигин да биз алабыз. Андыктан ар бир долбоорду кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл», - деди Гүлсана Алимова.

Архитектор кыз көп кабаттуу үйлөрдүн долбоору менен бир жылдан бери иштешип жатат.

«Бир жылдай убакыттан бери башкы архитекторлор менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорун иштеп жатам», - деп кошумчалады жаш архитектор.

Гүлсана Алимова үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×