Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө кошумча 300 млн сом бөлүндү (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов Араванда өздөштүрүлүп жаткан Кең-Сай массивинен кабар алды. Кең-Сай массивине мамлекет дагы кошумча 300 млн сом бөлгөн. Ал каражатка жол куруп, электр мамыларын тартуу каралган эле.

Өкүл жүрүп жаткан жумуштар менен таанышып, тендерден уткан компаниянын жетекчилери менен жолукту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда негизги делген 12 чакырымга шагыл төшөлүп, жолдун биринчи этабы жасалууда. Андан сырткары сел, суу коркунучу бар жерлер бекемделип, көпүрөлөр курулуп жатат. Электр мамылары орнотулуп, элге бөлүнүп берилген тилке боюнча пландык негизде жайгаштырылууда.

Бул аймактагы негизги чоң канал 2012-жылы курулуп бүткөн. Элдин келиши менен сугат суу берилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2033
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×