Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Араванда 9-класстан кийин үй камагында калып, 2-3-аял болууга мажбур кыздар көп (талкууланган көйгөй)

Turmush -  Араван районунда көптөгөн жаш кыздар жашы өткөн эркектерге экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыгууга аргасыз болууда. Айрым кыздар 9-класстан кийин мектепте окубай калышат. Андай өспүрүмдөр үй камагынан кутулуу үчүн жашы өткөн эркектерге аял болууга мажбур болушат. Бул көйгөй Ош шаарында 20-декабрда өткөн «Айымдар жана кыздар тынчтык куруу аракетинде» аталышындагы тегерек столдо талкууланды.

Араван районунун активист тургуну Малахан Абдиллаевага жылына миңден ашуун эркек жаш баласы жок аялдарды издеп кайрылышат. Анын айтымында, толук кыздарды эркектер 2-3-аялдыкка дагы албай жатышат.

«Биздин өзбек улутундагы кыздарыбыз билимсиз болуп калууда. Айрым кыздарды аталары 9-класстан кийин окутпай, эшикке дагы чыгарбай турмушка узатууда. Азыр 20 миң сому бар эркек 60 жашка чыгып калса да кыздарга үйлөнүп жатышат. Кыздардын кадыр-баркы жоголуп бара жатат.

Мисалы мага жылына миңден ашуун ажырашып кеткен эркектер жаш кыздарды, 1 баласы бар, сулуу кыздарды сурап кайрылышат. Эч кимиси 2-3 аял алып кетиргенин айтпайт. Азыр көп аялдуулук сүннөт дегени менен алар кыздарыбыздын сулуулугуна карап үйлөнүп жатышат. Толук кыздарды кыз болсо дагы 2-3-аялдыкка алышпайт. 2-3-аял болгон кыздарды дагы мыйзамдаштыруу керек. Азыр үйдө отурган кыздар атасынын кысымынан эле эркиндикке чыгуу үчүн кимге болбосун күйөөгө тийип кетип жатышат», - деди М.Абдиллаева.

Ал эми «Мутакалим» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында, көп аялдуулук өлкөнүн Ош, Жалал-Абад облустарында көп кездешет.

«Мектепти кыздар 11-класска чейин милдеттүү түрдө окуй турган мыйзам кабыл алышыбыз керек. Биз кыздар, айымдар менен көп иш алып барабыз. Өзбек улутундагылар арасында кыздарын 5-6-7-класстан кийин эшикке чыгарбаган үй-бүлөлөр бар экен. Кыздарына медресеге гана барууга уруксат берген аталар дагы жок эмес. Натыйжада кыздар диний туура эмес агымдарга агылып жатышат. Буга биринчиден билимдин жетишсиздиги, кыздардын укуктарынын корголбой жатышы себеп.

Билимге ээ болбогон кыздар турмуштан көп запкы жеп, ажырашып жатышат. Ажырашып кеткен кыздарын ата-энелери мажбурлап эркек аттууларга турмушка узатууда. Кыздар кордолуп жатат. Биз 2-3-аял болуп тийгендерди мыйзамдаштырышыбыз зарыл. Азыр айрым кыздар күйөөсү башка аял алса дагы өз укугун коргой албайт. Мисалы өлкө боюнча Сирияга 500 адам кетсе, анын 175ин аялдар түзүүдө. Анткени алар билимге ээ болбой, ушул абалга кептелген», - деди Ж.Фронтбек кызы.

Ал эми, Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсеновдун айтымында, кыздын макулдугусуз ата-энеси турмушка узатпашы керек.

«Ар бир кыздын укугу бар. Эгер кызды ата-энеси мажбурлап турмушка узатса кыздын баш тартууга, макулдук бербөөгө укуга бар. Өспүрүмдөргө бир дагы имам нике кыйбашы керек. Айрымдар 17 жашка чыга элек кызды күйөөгө берүүгө имамды чакырбай эле, кичине диний билими бар адамды чакырып нике окутуп жатышат. Мындай учурларды айыл эли билсе дагы ачыкка чыкпай, көмүскөдө калып кетүүдө. Кыздарды турмушка эрте узатуунун кесепетинен ажырашуулар көп болууда», - деди Б.Эсенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8099
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×