Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.12.2017 14:55 На русском

УКМК фашисттик форма кийген журналист тууралуу билдирүүлөргө чара көрөт

Turmush -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети нацисттик Германиянын жоокеринин формасын кийген журналист тууралуу билдирүүлөргө тиешелүү чараларды көрөт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жаңы жылдык кечеси тууралуу маалымат жарыяланган. Анда жаңылыктардын алып баруучусу Канат Абазбеков нацисттик Германиянын жоокеринин формасын кийгени жазылган.

Кийинчерээк КТРКнын өкүлдөрү К.Абазбеков форманы тамашалуу номер аткаруу үчүн кийгенин билдиришкен.

Буга чейин социалдык түйүндүн колдонуучусу диктор Канат Абазбековдун форма кийип түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Анын айтымында, журналисттин оң колунда жана курунда фашизмдин белгиси чапталган. Бүркүт түрүндөгү нацисттик герб анын сырт кийимине жана баш кийимине түшүрүлгөн. Ошондой эле, анын көкүрөгүнө немистердин белгиси чапталган.

«Диктордун жаңы жылдык кийими Кылмыш-жаза кодексинин 226-6-беренесине (Террористтик же экстремисттик ишти ачык жактыруу) жана 299-2-беренесине (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) туура келбейби?», - деп жазган колдонуучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×