Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Өзгөн эли үчүн оор жыл болгонуна карабай кыйынчылыктарды жеңдик, - аким Олжобай Осмоналиев

Turmush -  Жаңы жылга карата жалпы кыргызстандыктарга Өзгөн районунун элинин атынан райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Олжобай Осмоналиев жана райадминистрациянын жалпы жамааты куттуктоо жолдойт. Ошондой эле, куттуктоодо тынчтык, өнүгүү, ар бир үйгө бакыт каалаган жакшы тилектер айтылган.

«Жаңы жыл — наристеге да, карыяга да тегиз мээримин чачкан майрам. Токчулук менен ырыскынын, жаркын үмүттөр менен кыял-тилектердин майрамы. Жаңы 2018-жыл ар бир үйгө ынтымак алып келген жылдардан болсун.

2017-жыл өзгөчө окуялар менен баарыбыздын эсибизде калды. Бул жыл Өзгөн эли үчүн оор жыл болгонуна карабай кыйынчылыктарды жеңип чыктык. Ыйман, адеп жана маданият жылында Өзгөн району экономикалык, өндүрүш жагынан дагы алдыга жыла алдык. Бир жыл ичинде 9 ишкана ачууга жол ачылды», - деп айтылат райадминистрациянын билдирүүсүндө.

Осмоналиев Олжобай Балтабаевич Өзгөн районунун курамында 19 айыл, 1 шаар бар. Районду Олжобай Осмоналиев 2017-жылдын март айынан тартып жетектеп келет.

«Быйыл Өзгөн районунда жаратылыштын бөөдө кырсыктары көп болду. Зергер, Чаңгет, Ийри-Суу Жалпак-Таш айыл өкмөттөрүндө көчкү жүрүп, бир катар үйлөрдү басып калды. 1039 үй-бүлөнү көчүрүү керек болду. Суу ташкындар болуп, дамбаларды жеп кетти. Биз ошого карабастан керектүү дамбаларды элдин жана мамлекеттин жардамы менен тостурдук.

Үйлөрү көчкү алдында калган жашоочулардын жаңы үйлөрү толугу менен бүткөрүлүп, отун, көмүр менен камсыздап, жолдорду оңдоп, суу чыгарып бердик. Электр тогу дагы тартылды. Учурда көчкүдөн жабыркаган айылдарда, жаңы конуштарда дагы мектептердин имараттары курулуп жатат. Ошондой эле, Өзгөн районунда 16 социалдык объекттердин курулушу жүрүүдө.

Райондо бул жылдын иш планы 100% аткарылып, өндүрүш боюнча дагы, салык боюнча дагы толугу менен план толтурулду. Быйылкы жылы Өзгөндө орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебинен 9 ишкана ачылды. Ошондой эле, буга чейин иштебей турган сыра завод, кыш завод, гипсокартон чыгаруучу чакан цехтер, заманбап мал союучу жайлар ачылат», - деди Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев.

Жаңы жыл майрамын утурлай Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү жер көчкүдөн кийин жашоочулар отурукташып калган Ынтымак айылында арчанын 200 түп көчөтү отургузулду.

Ошондой эле, райондун «Өзгөн нуру» гезити 1934-жылдан бери чыгарылып келет.

Өзгөн районунун 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Райондун өнүгүү стратегиясынын негизги максаты — жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жашоого жана ден соолукка жагымдуу айлана-чөйрө түзүү, биримдүү коом түзүп, элдин маданият жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо, жарандык укуктарды коргоо, натыйжалуу демократиялык башкарууга багытталган жогорку жана сапаттуу натыйжаларга жетишүү. Ошондой эле, өлкөдө жүрүп жаткан жаңы экономикалык саясаттын негизинде жаңы ишканаларды ачуу, иштеп жаткан ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, аларды кайрадан техникалык жактан камсыздоонун негизинде райондун экономикасын көтөрүү максаты коюлган.

Белгиленген негизги максаттарга жетүү үчүн аткарылуучу негизги иш-чаралар:

- жергиликтүү сырьёлук базаны жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай тармагында жыл сайын 5-10%дан кем эмес, айыл чарба тармагында 3%дан кем эмес өсүү темпине жетишүү менен райондун экономикасынын туруктуу, динамикалуу өсүшүн камсыз кылуу;

- райондун элинин ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланышына шарт түзүү, колдо бар эмгек ресурстарын эффективдүү пайдалануу;

- калктын кирешесин көбөйтүү, аларга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын түрүн көбөйтүү, калкка жагымдуу жашоо шарттарын түзүү.

Райондун өнүгүүсүнө ири таасирин тийгизе турган масштабдуу иштердин аткарылышы

Райондун аймагында бул багытта бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, 2017-жылдын январь-ноябрь айларында өнөр жай, кайра иштетүү багытында 10 ишкана ачылып, 54 млн 803,5 миң сомдук инвестиция тартылып, жалпы 207 иш орду түзүлгөн. Бул ишканалар негизинен жеңил өнөр жай жана курулуш каражаттарын кайра иштеп чыгаруу, тоо кен өнөр жай багытында уюшулган. Ал ишканаларга тартылган жалпы инвестиция 54 млн 803,5 миң сомду түзүп, жаңы жумуш орундардын саны 207 болду.

Алардын ичинен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен 45 миң долларга кагаз кутучаларды, полиэтилен плёнкаларды чыгаруу багытындагы кичи ишкана ишке киргизилген. Ушул эле фонддун эсебинен «Касым-Ата» асыл тукум жеке чарбасы 11 млн сом алып, ЕАЭБдин стандартына ылайык мал союучу жай реконструкцияланып жатат.

2017-жылдын аягына чейин бүткөрүп, ишке берүү пландалган дагы бир ири ишкана ачылууда. Ал ишкана «Аталык Өзгөн» (сыра завод) ишканасынын базасында уюшулган. Багыты — сарымсак өстүрүп, аны кайра иштетип, дыйкан-фермерлерди жогорку түшүмдүү сарымсак уругу менен камсыз кылуу.

2016-жылы 203 дыйкан-фермерлерге жогорку түшүмдүү 20 тонна сарымсак уругу таратылып берилген. Ошондой эле, дыйкан-фермерлерди колдоо максатында сарымсакты эгүү, өстүрүү жана түшүмдү жыйноо боюнча (МТС) техникалык база уюштурулган. Өндүрүлгөн продукцияны сактоо максатында муздаткыч кампасы каралган.

Аталган ишкананын экинчи багыты софлор май өсүмдүгүн өстүрүү жана кайра иштетүү болуп саналат. Ишкана толук кандуу ишке киргенде суткасына 50 тонна продукция өндүрүлүп, 70ден ашуун жумуш орду пайда болот. Ишкананы жыл этегине чейин ишке киргизүү пландаштырылууда. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 3,5 млн доллар тартылып, ЮСАИД уюму тарабынан жарым акчасы каржыланууда.

Район айыл чарба багытына басым кылгандыктан өнөр жай тармагынын көлөмү 0,6%, кызмат көрсөтүү 5,5%, айыл чарбасы 93,6%ды түзөт. 2017-жылдын январь-октябрь айларында 544 млн 637 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26 млн 335 миң сомго көбөйгөн.

Районду өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программалардын аткарылышы

Райондо 2013-2017-жылдарга карата өнүгүү стратегиясы түзүлүп, 77 иш-чаралар каралган.

2017-жылдын 10 айында 71 иш-чара аткарылган (92%). Өнүгүү стратегиясынын негизинде бардык тармактарда жыл санап өсүү темпи байкалууда. Алсак, өнөр жай тармагында эле 2013-жылдын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн продукция 534 млн 330 миң сомду түзсө, 2016-жылдын жыйынтыгы менен 629 млн 583,7 миң сомду түзгөн. 2017-жылдын жыйынтыгы менен 650 млн 634 миң сомго жеткирүү күтүлүүдө.

Ошондой эле, Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын өкмөттүн программаларында белгиленген максат-милдеттерге жетишүү боюнча 2017-жылга аракеттенүү планына 44 иш-чаралар, милдеттер киргизилген. 2017-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 41 милдет аткарылды (93,2%).

Негизги милдеттер боюнча көрсөткүчтөр:

Экономика

2017-жылдын 1-ноябрына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү өткөн жылга салыштырмалуу 16 млн 821 миң 200 сомго көбөйгөн (+5,9%). 2016-жылдын 10 айында 284 млн 870 миң сом болсо, 2017-жылдын 10 айында 301 млн 691 миң 500 сомду түздү.

Өзгөн районунда салык жыйноо иштеринин деңгээлин жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын негизинде 2017-жылдын 10 айында мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын планы ашыгы менен аткарылды. Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар 269 млн 271,1 миң сомду түздү. Мунун менен өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 12 млн 465,5 миң сомго же 6%га өстү.

Айыл чарба

Райондо 2017-жылдын 1-октябрына карата 10 күнөскана ачылды. Алардын бешөө Ак-Жар (1), Баш-Дөбө (1), Жазы (1), Зергер (1), Куршаб (1) айыл аймактарында жана бешөө Өзгөн шаарында жайгашкан. Ошондой эле, айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында пайдаланылбай калган 200 гектар айдоо аянтына айландырылды.

Элге натыйжалуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн 33 миң баш мал идентификациялоодон өткөрүлдү (100%). Анын ичинен, 32 миң 338 баш мал электрондук маалыматтык базага киргизилген.

Райондо айыл чарба өсүмдүктөрүн агротехникалык эрежелерди сактоо менен өз мөөнөтүндө айдап-себүүнү, түшүмдү жыйноону уюшкандыкта өткөрүү үчүн айыл чарба кызматкерлери тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Натыйжада 2017-жылы кылкандуу дан эгиндери 16 миң 176 га аянтка, анын ичинен буудай 11 миң 247 га, арпа 4929 га аянтка себилген. Андан сырткары, жүгөрү (5598 га), нокот (22 га), шалы (2801 га), май өсүмдүгү (2852 га), картошка (1246 га), жашылча (1587 га), бакча өсүмдүктөрү (66 га), көп жылдык чөптөр (5702 га) эгилген. Район боюнча жалпы 43 миң 201 га айдоо аянтка айыл чарба продукциялары эгилди.

2017-жылы райондун айыл аймактарында 16 миң 176 гектардан кылкандуу дан эгин жыйналып, дүң жыйымы 62 миң 48 тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүгү гектардан 29,9 центнер болгон.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, мал чарбанын продуктуулугун жогорулатуу максатында мамлекет тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялар берилүүдө.

Район боюнча 2017-жылдын 1-ноябрына карата жалпысынан 304 кардарга 118 млн 102 миң сом, анын ичинен мал чарбачылык багытында 227 кардарга 92 млн 776 миң сом, дыйканчылык багытка 77 кардарга 25 млн 326 миң сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Райондо жүргүзүлүп жаткан ири долбоорлор

Райондун калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында Куршаб, Мырза-Аке, Дөң-Булак айыл аймактарындагы таза суу тармагын реконструкциялоо жана реабилитациялоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 14 млн 900 миң евро каралып, 2-этаптагы жумуштар жүрүп жатат. Ушул эле банктан Өзгөн шаарындагы саркынды сууларды агызуу жана агын сууну тазалоочу курулмаларды курууга 11 млн 700 миң евро каралып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Районду мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-пландар

Кийинки жылдарга райондун бренди болгон Өзгөн күрүчүн экспортко ылайыкташтырып, сапатын жакшыртуу, тоо-кен өнөр жай тармагындагы өндүрүлүп жаткан көмүр, Сары-Таш үлүл таш кендеринин продукцияларын экспорттоодо көлөмүн көбөйтүү планы коюлду. Ошондой эле, өнөр жай, кайра иштетүү өндүрүш тармагында ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жаңы ишканалардын санын көбөйтүү максаты бар.

Андан сырткары туризм тармагын өнүктүрүү багытында «Кара-Шоро» мамлекеттик улуттук паркында туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.

Инфраструктура

Башка жылдардан айырмаланып, 2017-жылы райондогу жолдорго шагыл төшөө менен чектелбестен асфальттоого өзгөчө көңүл бурулду. Республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн 623,2 миң сомго Өзгөн шаарынын Гапаров көчөсү (узундугу 900 метр), 2 млн 781,2 миң сомго Октябрдын 70 жылдыгы көчөсү (узундугу 800 метр), 2 млн 101,4 миң сомго Ала-Тоо көчөсү (узундугу 800 метр), Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун 16-18-чакырымдары (узундугу 2 км), Өзгөн—Зергер унаа жолунун 3-4-чакырымдары (узундугу 1 км) асфальтталган. Жалпысынан райондо 5,5 км жол асфальтталды.

Ал эми, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 5,4 км жолго асфальт төшөлгөн.

Алар:

- Өзгөн шаары (600 метр);

- Жылалды (1,3 км);

- Мырза-Аке (2,5 км);

- Дөң-Булак (1 км) айылында.

Жалпы 2017-жылдын 10 айында 10,9 км жолго асфальт төшөлдү.

Калктын таза суу менен камсыздалышы

Өзгөн районундагы калктын саны — 262 миң адам. Анын ичинен таза суу менен 213 миң адам (81,6%) камсыз болгон.

Социалдык чөйрө

Райондо жакырчылыктын деңгээли 2017-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 6,1%га кыскарды (2015-жылы 48%, 2016-жылы 34,4%, 2017-жылдын 11 айында 28,3% болгон).

Билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, райондо азыркы учурда республикалык бюджеттин эсебинен 13 мектеп (анын ичинен 3 мектеп пайдаланууга берилди), 1 спорт залы жана 1 бала бакча курулуп жатат. Андан тышкары 2017-жылдын 11 айында жеке ишкерлер тарабынан 7 бала бакчасы ачылып, ишке берилди.

Тизме:

Айыл аймак, айыл, объекттин аталышы

оруну

сметалык баасы

Жылалды айыл аймагы, Красный Маяк айылы, А.Төрөгелдиев атындагы орто мектеби

640

84 млн сом (2017-жылы сентябрда ачылган)

Төрт-Көл айыл аймагы, Бостон айылы, О.Жусупбеков атындагы орто мектеби

275

85 млн 798 миң сом

Жалпак-Таш айыл аймагы, Алча-Башат айылы, Кысык-Алма орто мектеби

200

33 млн 500 миң сом

Жалпак-Таш айыл аймагы, Курбу-Таш айылы, К.Калмурзаев атындагы орто мектеби

спорт зал

15 млн сом

Алтын-Булак айыл аймагы, Комсомол айылы, А.Маматов атындагы орто мектеби

225

77 млн сом

Ак-Жар айыл аймагы, Большевик айылы, «Айзирек нуру» бала бакчасы

75

34 млн сом

Дөң-Булак айыл аймагы, Өзгөрүш айылы, Ж.Шеркулов атындагы орто мектеби

420

78 млн сом

Төрт-Көл айыл аймагы, Макаренко айылы, Ж.Маматжанов атындагы орто мектеби

275

78 млн сом

Кара-Таш айыл аймагы, Кызыл-Абад орто мектеби

225

35 млн сом

Зергер айыл аймагы, Б.Тешебаев атындагы орто мектеби

150

43 млн сом

Жалпак-Таш айыл аймагы, П.Жакыпов атындагы орто мектеби

150

43 млн сом

Төрт-Көл айыл аймагы, Ана-Кызыл айылындагы орто мектеби

275

56 млн сом

Зергер айыл аймагы, Алтыбай айылы, Жолдошалиев атындагы орто мектеби

275

81 млн сом

Өзгөн шаары, А.Навои атындагы орто мектеби

525

71 млн сом

Кароол айыл аймагы, Жаман-Адыр участогу

275

65 млн сом

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×