Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Озгон 27.12.2017 11:25

Көп улуттуу Өзгөн шаарынын 2018-жылдагы кирешеси 4 млн сомго көбөйөт, - мэрдин м.а. Рахманжан Атажанов

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов жана мэриянын жалпы жамааты кыргызстандыктарды алдыдады майрамдарга карата куттуктайт. Көп улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап жаткан шаар учурда жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыга чоң пландарды коюп жатат, деп маалымдайт мэрия.

«Урматтуу мекендештер, Өзгөн шаарынын элинин, Өзгөн шаарынын мэриясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан жаңы 2018-жылыныздар менен кызуу куттуктап, жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Өткөн жылы көп улуттуу Өзгөн шаарыбызда элибиздин ынтымак-ырашкерликтеги эмгектеринин жыйынтыгында тармактар боюнча өсүү болуп, бир топ иштер аткарылып, жаңы курулуштар курулду.

Жыл тогошуп, эски жылды узатып, жаңырган жаңы жылды тосоорго саналуу гана убакыт калды. Бүгүнкүдөн эртеңибиздин жемиши, жеңиши артып, тынчтык өкүм сүргөн эгемен өлкөбүзгө келе жаткан 2018-жыл кут болсун, жаңы жылыбызда жергебизде тынчтык, достук орноп, элибизде токчулук, молчулук болгон, табигаттын түрдүү кырсыктарынан алыс жемиштүү жылдардан болсун. Өлкөбүздүн кызыл туусун бийик көтөрүп жашайлы», - деп айтылат Р.Атажановдун куттуктоосунда.

Рахманжан Атажанов

Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы

Салык жана бюджет боюнча:

Өзгөн шаардык мэриясынын 2017-жылдагы бюджети 73 млн 980,6 миң сом өлчөмүндө жергиликтүү депутаттар тарабынан бекитилип, 2017-жылдын 22-декабрына карата аткарылганы 80 млн 450,5 миң сомго жетип, 6 млн 469,9 миң сомго ашыгы менен аткарылды (108,7%га өстү).

Өзгөн шаардык мэриясы 2018-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдуу 85 млн 46,5 миң сомго кабыл алып жатабыз. 2017-жылы аткарылган бюджетке салыштырмалуу 4 млн 595,5 миң сомго көп кабыл алуу күтүлүүдө.

Инвестиция:

Тышкы инвестиция

1. БУУӨП аркылуу 684,5 сомдук инвестиция тартылды;

2. БУУ ДАТП аркылуу 5446,8 миң сомдук инвестиция тартылды;

3. Республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду асфальттоо — 11041,8 сом;

Жалпы: 17173,1 миң сом.

Ички инвестиция

2017-жылы Өзгөн шаарынын ички инвестициясынын көлөмү 14577,1 миң сомду түздү.

Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү:

2016-жыл

2017-жыл

өсүү темпи %

Өнөр жай азыктарын өндүрүү, эмгек жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү

173645,3

192312,7

110,8

Расмий катталган жумушсуздардын саны

818

338

Орточо айлык акы

10138,1

10953,3

108,0

Чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү (миң сом)

3070911,3

3502327,6

114,0

Рыноктук кызматтын жалпы көлөмү (миң сом)

236515,6

256385,5

108,4

Билим берүү тармагы

Өзгөн шаарында 7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназия, 3 мектепке чейинки, 2 мектеп алдындагы жана 3 мектептен сырткаркы окуу-тарбия мекемелери бар. 7 орто мектеп менен мектеп-гимназияда 11 миң 520 окуучу, 3 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 666 бала, 2 мектеп алдындагы балдар бакчасында 200 бала билим тарбия алууда.

Акыркы учурда Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен билим берүү тармагына көп көңүл бурулуп, мугалимдердин жакшы иштешине жана окуучулардын билим сапатын арттыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Билим берүү мекемелерди оңдоп-түзөөдө, мекемелерди күз-кыш мезгилине даярдоодо сапаттуу иштер жүргүзүлүп, материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында компьютер, интерактивдик такта, заманбап стол, отургучтар менен камсыздалууда. Мындан сырткары, ар бир мектеп интернет кызматына туташтырылып, мугалимдердин жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ар бир мектепке видеокамералар орнотулган.

2016-жылы жергиликтүү бюджеттен 3 млн 498,7 миң сом жумшалып, билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого жумшалса, 2017-жылы 20 млн 672 миң сом бөлүнгөн.
Мындан сырткары, билим берүү тармагына Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинен 7 млн 142 миң сом акча каражаты бөлүнүп, балдар бакчалардагы тамак-ашка, билим берүү мекемелеринин электр энергиясынын төлөмүнө, мугалимдердин иш сапарларындагы жана башка чыгымдарга жумшалган.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата аткарылган иштер

Өзгөн шаарынын мэриясы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын жана иш-чаралардын планын иштеп чыгып, тиешелүү мекеме-уюмдарга жеткирилген. Иштелип чыккан планга ылайык Өзгөн шаарынын аймагында бир топ иш-чаралар уюштурулду.

Атап айтканда:

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата 7 чоң баннер жасалып, Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрүнө илинди. Шаардагы билим берүү мекемелеринде жана мекеме уюмдардын имараттарында Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жазылган чакырыктар илинген.

Өзгөн шаарынын аймагындагы Амир Темур, Манас, Мирзарахимов, Гагарин көчөлөрүнө улуу инсандардын накыл сөздөрү жазылып илинди. Атайын накыл сөздөрдү жазып илүү үчүн Өзгөн шаарынын мэриясынан акча каражаты бөлүнгөн.

Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринде Ыйман, адеп жана маданият жылына карата жаш муундарды ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо максатында ачык сабактар, класстан тышкаркы иштер, тарбиялык сааттар, адеп темасында дил баяндарды жазуу, сүрөт көргөзмөлөрдү уюштуруу иштери колго алынып, ата-энелер менен жыйындар өткөрүлдү.

Алардын бири — 2017-жылдын 7-февралында Өзгөн шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектебинде «Достук» темасында өзбек жана орус тилдеринде окуган 6-класстын окуучуларынын арасында сынак болуп өттү. Сынакта концерттик программалар, окуу усулдарынан көрүнүш, кыргыз тилинде макал-лакап айтуу, көркөм окуу сыяктуу атайын даярдаган программалар көрсөтүлдү.

З.М.Бабур атындагы орто мектебинде «Ынтымактуу кошуна болуу», «Чыныгы адам ыйманын эч качан сатпайт», «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деген темаларда дилбаяндар жазылып, окуучулар арасында сынактар уюштурулган.

Курманжан датка атындагы орто мектебинде «Канткенде адам уулу адам болот деген темада «Кыз-жигит» сармерден сынагы уюштурулуп, ага мектеп окуучулары катышты.

Өзгөн шаарындагы Амир Темур атындагы орто мектебинде «Өткөн мезгилге карап, келечекке иш көрүү касиеттүүдүр» деп аталган иш-чара болуп өттү. Анда Амир Темур атындагы орто мектебинин негизделгенинен тартып ушул мезгилге чейин аткарылган иштери, окууну аяктап кеткен бүтүрүүчүлөрдү, иштеп кеткен ардагер мугалимдерди эскерүү, жетишкен ийгиликтер жөнүндө маалыматтар айтылып, видеотасмалар көрсөтүлдү. Иш-чарага Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджанов катышып, мектептин эмгек жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалоо менен, мектепке компьютер тапшырган.

2017-жылдын май айынан баштап Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринде улуттук жана дүйнөлүк адабиятка зор салым кошкон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлүүдө. Мындан сырткары, Өзгөн шаарында бир топ социалдык, маданий иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мисалы, Аялдардын эл аралык майрамына карата баатыр энелерге жана «Асылзаада айымдар» тобуна сый урмат көрсөтүлүп (49 миң сом), 2017-жылдын 18-мартында Нооруз майрамын утурлай Өзгөн шаарынын калкына жана конокторуна шарт түзүү максатында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Шаардык ишембиликке Өзгөн шаарынын жалпы калкы жана мектеп окуучулары, мугалимдери катышты. Шаардын тазалыгын камсыздоо, жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин колго алуу үчүн 3 айлык жарыяланып, ишембиликтер улантылды. Ошондой эле, 21-март күнү Өзгөн шаарындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын урматына 20-март күнү Өзгөн шаардык кеңеши менен биргеликте Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан сүмөлөк кайнатылып, 21-март күнү майрамдын катышуучуларына жана конокторго таратылды.

2017-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата Өзгөн райондук маданият үйүндө «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аталышында чоң программадагы иш-чара өттү. Анда Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелери, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан атайын даярдалган концерттик программа тартууланып, улуу инсандардын ишмердүүлүгүнө байланышкан илимий макалалар, публицистикалык чыгармалар, Мамлекеттик тил күнүнө карата мыкты макала, дилбаян, буклеттер, дубал гезиттер, китептер, сүрөттөр жана улуттук буюмдар коюлган көргөзмөлөр уюштурулду. Иш-чаранын планы боюнча орус тилдүү мектептердин окуучулары кыргыз тилинде көркөм окуу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, жандуу ыр ырдоо сыяктуу тапшырмаларды аткарып, Курманжан датка жана С.Шарипов атындагы орто мектептердин окуучулары Курманжан датканын өмүрүн сахналаштырып көрсөтүштү.

1-октябрь — Карыяларга камкордук көрүүнүн эл аралык күнүнө карата Өзгөн шаарынын мэриясынын буйругу менен карыяларга кам көрүүнүн 1 айлык акциясы жарыяланган. Анын алкагында 30-сентябрда шаардагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин спорт залында 130 карыяга сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.

Өзгөн шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, сергек жашоого үндөө, жаштарды тартип бузуудан, баңгиликтен, терс көрүнүштөрдөн алыстатуу, ошондой эле достукту жана ыймандуулукту бекемдөө максатында өспүрүмдөр арасында спорттун ар кандай түрү боюнча бир топ иш-чаралар уюштурулду.

Алардын бири — улуттук күрөш боюнча достук мелдеш. Ага шаардын жаштары катышып, Өзгөн шаардык мэриясынын резервдик фондунан 45 миң каражат бөлүнүп берилди. Ошондой эле, Мажүрүм тал кварталдык комитетиндеги футболдук стадиондо жана Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин футболдук стадионунда футбол боюнча шаардын биринчилиги уюштурулду.

2017-жылдын 18-августунан 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата мэрдин кубогуна массалык спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн Өзгөн шаарынын мэриясынан 80 миң сом бөлүнгөн. Футбол оюндары шаардын борбордук стадионунда жыйынтыкталып, мэрдин кубогунун жеңүүчүсү деп Гузар кварталынын футболдук командасы аныкталса, 2-орунга Кайрагач, 3-орунга Таштак жана Мажүрүм тал кварталдарынын футболдук командалары жетишкен.

Улуттук Кызыл ай коому тарабынан октябрь айында спорттун кичи футбол түрү боюнча оюн уюштурулуп, ага Өзгөн шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, Өзгөн шаарындагы мекеме-уюмдардын командалары катышты.

Өзгөн шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга кам көрүү иштери колго алынып, 2017-жылда 16 жаранга Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан 109 миң 350 сомдук материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде 2017-жылга карата титулдук тизмесинде бекитилген аткарылуучу жумуштарды мамлекеттик сатып-алуулардын интернет-порталына жайгаштыруу аркылуу иш жүргүздү.

2017-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесинде бекитилген жергиликтүү маанидеги иштер:

1. Шаардын ичиндеги ирригациялык маселелерди чечүү максатында лотокторду жасатуу үчүн керектелүүчү курулуш каражаттарын сатып алууга 1 млн 575 миң сом акча каражаты каралып, жумуш толугу менен аткарылды;

2. Көп кабаттуу үйлөрдөгү жашоочулардын социалдык муктаждыгын жоюу боюнча Жаныбек казы кварталындагы ажаткананы куруу үчүн 369 миң 307 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен сарпталды;

3. 2017-жылдагы бюджеттин эсебинен №1 С.Шарипов атындагы орто мектебине 16 млн 404 миң 479 сом акча каржаты сарпталды. Учурда курулуш иштери аяктоо алында турат;

4. Өзгөн шаарындагы Таштак кварталында бала бакча курууга (21 млн сом) тендер жарыяланган. Азыркы мезгилде имараттын биринчи кабаты курулуп бүтүп, экинчи кабатында жумуш 50 пайызга аяктап калды.

5. 585 миң 580 сом акча каражатынын эсебинен Өзгөн шаарынын жолдорундагы чуңкурларды оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды;

6. Өзгөн шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2017-жылы 15 млн 44 миң сомго көчөлөр асфальтталды. Алар:

Асфальтталган көчөлөр өлчөм бирдиги узундугу
1 Маданият көчөсүнөн баштап Жуков көчөсүнө чейинки аралык метр 876
2 Шахзада көчөсү (көпүрөдөн баштап Ч.Айтматов атындагы орто мектепке чейин) метр 338
3 Нурдинов көчөсүнөн баштап А.Темур атындагы орто мектепке чейин метр 268
4 А.Кахаров көчөсүнөн баштап Ч.Айтматов атындагы орто мектепке чейинки аралык метр 335
5 А.Новаи көчөсү метр 166
6 Брежнев көчөсү (Малабекова көчөсүнөн баштап А.Навои атындагы орто мектепке чейин) метр 517
7 Стаханов көчөсү (А.Темур көчөсүнөн баштап стадионго чейинки аралык) Метр 174
8 Совет көчөсүнөн баштап В.И.Ленин орто мектебине чейинки аралык метр 141
9 Ф.Ходжаев көчөсү (А.Темур көчөсүнөн баштап көпүрөгө чейин) метр 400
10 А.Гапаров көчөсүнөн баштап А.Темур көчөсүнө чейинки аралык метр 375
11 Х. Рахманов көчөсү (Высоцкий көчөсүнөн баштап А.Навои көчөсүнө чейин) метр 226

7. Өзгөн шаарында 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 11 млн 41 миң 791 сомго асфальтталган көчөлөр:

Асфальтталган көчөлөр өлчөм бирдиги узундугу
1 Октябрдын 70 жылдыгы көчөсү метр 800
2 Янги Абад көчөсү метр 350
3 Ала-Тоо көчөсү метр 430
4 А.Навои көчөсү метр 600
5 Гапаров көчөсү метр 770

8. Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндөгү асма көпүрөнү куруу үчүн 3 млн 235 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Азыркы мезгилде асма көпүрөнү куруу иштери улантылып жатат;

9. Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталдык комитетине көмөкчү чордон орнотуу максатында жергиликтүү бюджеттен 405 миң сом акча каражаты сарпталды;

10. Өзгөн шаарынын аймагында электр лампаларын алмаштыруу үчүн 500 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×