Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Кара-Сууда алгачкы жолу ушу саньда боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Turmush -  Кечээ, 27-декабрда Кара-Суу айылынын Сарай айыл аймагындагы спорт ордодо Кыргызстандын спорт федерациясы тарабынан уюштурулган ушу саньда боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпы 150 спортчу катышып жатат. Иш-чарага Сарай айыл өкмөтү демөөрчүлүк кылып, уюштуруу иштерине 50 миң сом акча бөлгөн. Мелдеш 2 күн бою уланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1123
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 0 адам окуп жатат)
×