Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 28.12.2017 15:19 На русском

Айыл турмушу: Х.Атаханов Кореядан үйрөнүп келген ыкма менен жаңы жылга карата кулпунай өстүрдү (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн тургуну Халхожо Атаханов Кореядан үйрөнүп келген тажрыйбасын пайдаланып, 3 жыл мурун өз айылында күнөскана курган. Ал быйыл кулпунай өстүрүп, жаңы жылга карата сатыкка чыгарууну көздөп турат. Дыйкандын эмгеги менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен көп жылдан бери дыйканчылык менен алекмин. Күнөскана курганыма 3 жылдын жүзү болду. Быйылкы кышта кулпунайды сатыкка чыгарайын деп күзүндө отургузгам. Уруктары дагы Кореядан алынып келген. Мен ага чейин көп жыл бою Корея мамлекетинде эмгектенип келгем. Кореядан кулпунай өстүрүүнүн жол-жобосун үйрөнүп, өз айылымда өстүрүп көрүү үчүн эктим. Учурда гүл ачып, мөмө түйүп калды. Түшүм январь айында толугу менен бышат», - деди ал.

Күнөсканада жер-жемиштерди өстүрүү бир топ түйшүктү талап кылат.

«Эгинди талаага эккенде бир жумада бир жолу карап турабыз. Ал эми күнөсканада күн сайын бирдей температураны сактап туруу зарыл. Күн суук болуп кетсе күнү-түнү от жагууга туура келет. Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот», - деди Х.Атаханов.

40 жаштагы дыйкан 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×