Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Айыл турмушу: 24 жаштагы Элдос кыздардын чачын жасалгалоону кызык окуя менен баштаган (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Маданият айылынын тургуну Элдос Султанов тойлордо келиндин чач жасалгоолорун жасап берет. Кардарларынын көпчүлүгү Анжелина Жолинин чач жасалоосуна кызыгып, жарашпаса дагы жасатып кеткен учурлар көп болот. Өзгөчө чач жасалгоолорду жараттуу анын хоббисине айланган.

«Мен Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенем. Ал эми чач жасалгалоо менин хоббим. Мен чач кыркканды билбейм. Негизи башында сулуулук тармагына чартарач болуу үчүн барганмын. Бирок мени чач кырккандан караганда, чач жасалгалоо өзүнө тартып алды. Атайын курста 1,5 ай окуугандан соң , бул тармакта менин карьерам башталды»,-деди ал.

Элдос мырза жумуш учурунда көп кызыктарга дуушар болот. «Мен окуп жаткан салонго бир эже келип , «жаңы салон ачып жатамын мага мастер керек» деп калды. Мен өзүмдүн телефон номерими бердим. Ал убакта чачты дагы жакшы жасай албайм. Жаңы салон ачкан эже бир күнү чалып, « Эртең эрте келип, келиндин чачын жасап бер» деди. Мен дароо бизди окуткан эжелерден бир келиндин чач жасалгоосун үйрөнүп алдым. Эртеси аракет кылып келинди чыгардык. Азыр ошол убакта жасаган чач жасалгоому эстеп күлүп калам. Азыркыдай тажрыйбам болгондо ал учурдагы чач жасалгалоо менен ал кызды тойго чыгармак эмесмин. Негизи чач жасоо көп фантазияны талап кылат. Өзүнүн оюндагы нерсени чач аркылуу жеткиресиң. Мени таң калтырганы, кардарларым келип « Анжелина Жолинин» чач жасалгасындай жасап бер дешет. Мен аларга түшүндүрүп, сизге жарашпайт өзүнүзгө жарашыктуу чач жасалгоо жасап берейин деп түшүндүрөм. Айрымдары макул болушса, айрымдары макул болушпайт. Салондо иштөө үчүн психолог болуп, ар бир адамга мамиле түзөө билүү кажет. Анткени бирөөсүнө сенин жасаган чач жасалгооң жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Мен 7 жыл аралыгында бул тармакта бир топ тажрыйба топтоого жетиштим. Учурда нараазы болгон кардарларым жокко эсе»,-деди Э. Султанов.

Элдос Оштогу телеканалдардын биринде визажист болуп эмгектенип да жүргөн. Ал тургай телеалпаруучу болууга жетишкен. Анын кызматынан учурда Оштогу журналисттер дагы пайдаланып келишет. Элдос Султанов 24 жашта. Учурда ишемби, жекшемби күндөрү гана хоббиси менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2668
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:24,   20.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×