Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Кара-суулук муктаж тургундар мигранттардан акчалай жардам жана көмүр алышты

Turmush -  Россияда эмгектенип жүргөн кара-суулук жигиттер муктаж айылдаштарына жардам көрсөтүү демилгесин ишке ашырышты. Алардын жардамын Кенжекул айылында жашаган 27 жашоочу алды, деп билдирди жергиликтүү тургун Сыдык Ирисов.

«Россияда иштеген Кенжегулдун жаштары 30 миң сом акча топтоп, ден соолугунан жабыркаган 27 тургунга таратып беришти. Ошондой эле, айылдагы жаштар дагы К.Жунусовго 10 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү. Мындан сырткары, Түштүк Кореянын уюму тарабынан 50 тонна көмүр алынып, айылдагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 1 тоннадан таратылды», - деди С.Ирисов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1750
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×