Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

20-30 жашында рак болгондор бар: Зыяндуу шишиктердин алдын алууга дарыгердин кеңеши

Turmush -  Оштогу облустар аралык онкологиялык борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Абакир Эсенбаев анкологиялык оорулар жыл өткөн сайын жашарып баратканын айтат. Ошондой эле, зыяндуу шишиктерге алып келүүчү ооруларды алдын албаса арты өлүм менен аяктарын эскертет.

«Онкологиялык оорулар эки бөлүнөт — зыяны жок оорулар жана залалдуу шишиктер. Залалдуу шишиктерге рак оорусу кирет. Рак оорулары жыл сайын жашарып баратканын байкадым. 1990-жылдары көбүнчө 50-60 жаштан жогорку курактагылар ооруса, учурда рак оорусу менен 20-30 жаш курактагы адамдар кайрылууда.

Мындан сырткары бездердин рак оорулары бар. Булар менен көбүнчө жаш балдар ооруйт. 2 жаштан жогорку курактагы, андан төмөнкү курактагы балдар да жабыркайт. Рак ооруларын 4 этапка бөлүп карайбыз. Анын 1-этабы менен ооруп кайрылгандарды айыктырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бизге көбүнчө өтүшүп кеткен убагында келишет», - деди дарыгер.

Дарыгер белгилегендей, аялдардын көкүрөк рагы алгач билинбей жүрө берет.

«Көкүрөктүн рак оорусу оорутууну байкатпайт. Көкүрөктөгү шишик кичине болуп, байкалбай жүрө берет да качан өтүшүп, рак териге чыкканда билинет. Рак оорусу өтүшүп кеткенден кийин адам эң көп 5 жыл жашашы мүмкүн. Биз дарылоо менен өмүрүн узартууга аракет кылабыз», - деп кошумчалады.

Аталган клиникага онкологиялык оорунун 3 түрү менен жабыркагандар келет.

«Биздин клиникада онкология оорусунун 3 түрү менен жабыркагандар жатат. Алар: залалдуу шишиктер, залалсыз шишиктер жана залалдуу шишиктерге алып келе турган оорулар. Залалсыз шишиктеги ооруларга бардык ткандардан чыккан шишиктер кирет. Булар 100% айыгып кетет. Бул оорулардын ичинен эң оору — залалдуу шишиктер (рак)», - деди А.Эсенбаев.

Статистикалык маалыматтар боюнча, Оштогу облустар аралык онкологиялык борбордо жылына 3 миңге жакын адам дарыланып чыгат.

«Ош облусу боюнча адамдарды дарылоону биздин борбор жүргүзөт. Бул борбордо нур менен дарылоо жоктугуна байланыштуу эки жол менен гана — операция жана хирургия жолу менен дарылайбыз. Ошондой эле, химиялык жабдыктардын жардамы колдонулат. Биздин борбордон жылына 3 миңге жакын адамдар дарыланып чыгышат. Адамдар канчалык кеч келсе да алардын ооруларын дарылоого аракет кылабыз.

Бул ооруга (рак) алып бара турган себептер абдан көп. Мисалы, ашказандын рак оорусунун пайда болушунун эле көп себептери бар. Бул оорунун бир себеби тамак режимин сактообо болуп саналат. Азыркы убакта Кытайдан келген азык-түлүктөр абдан көп. Сапаты жаман азык-түлүктөр көп сатылат. Ошондой эле, биздин жарандар ооруканага убагында, бат текшерилип турушпайт. Сапатсыз азык-түлүктөр, ачкарын көп жүрүү, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, бензиндин жанында иштөө зыяндуу шишиктерди пайда кылуучу башкы факторлор. Ашказанга суук тийгизип, ашказан жарасы менен жүрө берсе да зыяндуу шишиктер пайда болот.

Көкүрөктүн рак оорусуна алып келе турган себептер да абдан көп. Стресс, гормондордун бузулушу, аялдардын жыныстык органдарына суук тийүү да көкүрөктүн рак оорусуна алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле, тамактануу эрежесин да сактоо зарыл. Тамакты жай жеш керек. Тамакты көп жеп алуу абдан зыян жана ачуу, таттууларды чеги менен колдонууну сунуш кылабыз. Тез даярдалуучу тамактар абдан зыян жана табигый азык-түлүктөн даярдалган тамактарды колдонуу жакшы натыйжа берет. Ал эми жер-жемиштерди көбүрөөк пайдалануу адамдын ден соолугунун бекемделишине себепкер болот», - деди дарыгер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2193
×